|
Байкоосуздан сага кабылдым,
Кайдан жүрүп, неге табылдың
Элестериң бура бастырбай
Ээлеп алдың баарын жанымдын
Кайырма
Аа-ай, бирге жүргөн күн
Оо-ой, кайра кайрылгын
Көргүм келип, абдан сагындым
Мен көргүм келип, абдан сагындым
Эстеп көргүн ошол күндөрдү
Биз өткөргөн айлуу түндөрдү
Кол кармашып, өрдөп коктуну,
Ушул ойноп терген гүлдөрдү
Кайырма:
Аз күнчөлүк бакыт мен үчүн
Албан аалам, өмүр алп үчүн
Мейли жашоо, мейли эмгекте
Болчу, жаным, бирге сен түшүм...
Кайырма:
Кайырма:
Ай, сулуу кыз, сулуу кыз,
Неге мынча сулуусуз?
Махабаттын гүдөрүн,
Сунсам албай турупсуз.
Каштарыңыз калем каш,
Кайгырсаңыз жарашпас.
Жүзүңүздөн өбөйүн,
Көңүлүмө келсин жаз.
Айткан сөзүң жообсуз,
Каламбы бүгүн көңүл суз.
Акылымдан адаштым,
Ай, сулу кыз, сулуу кыз.
Жаныңыздан кетким жок,
Жанып барам, болом чок.
Жүрөгүмдүн төрүндө,
Сизден бөлөк эчким жок.
Ала-Тоо асыл энем,
Баатырлары чыккан сенден.
Эли – жерден жанын кечкен,
Чыкпастыр алар эстен.
Ала-Тоо жерим, пейилиң сенин,
Оо, ааламдын кучагындай.
Байыркы элим, тарыхың сенин,
Оо, азаптын бутагындай.
Кайырма:
Кан кылычын кармай,
Калк тычтыгын сактай.
Жан узаткан эл үчүн, жер үчүн,
Маркумдар кур калбас биз үчүн.
Ала-Тоо жерим, алптарың сенин,
Оо, түгүнбөс айта берсең.
Манаска чейин, Манастан кийин,
Оо, дастан бүтпөс айта берсең.
Кайырма:
Аярлай бассаң акырын мени менен,
Учкан куштай айланамын жаныңда мен.
Асманда ай бизди карап күлүмсүрөп,
Жүргөнсүйт жолубузду ачып, бакыт тилеп.
Кайырма:
Ай менин периштем, оо,оу, периштем,
Жүрөгүмдү арнап келем.
Ай менин периштем, оо,оу, периштем,
Сүзүп сүйүү деңиздерден.
Жылмайсаң жай карап мени өзүң эми,
Карегимдей дайым мага сезилесиң.
Кол кармашып шаң-күлкүдө жыргаганда,
Бак-дарактар бизди карап ийилгенсийт.
Кайырма:
Жол болсун сизге жолоочу,
Биз кызматында бул жолу.
Айтыңыз кайсыл жерге,
Жеткирем мезгилинде,
Жорголотуп ак жолтойум.
Бишкектин кооз жерлерин,
Көрсөтүп, айтуу милдетмин.
Эс алчу бульварларын,
Борборун, универмагын,
Ресторан, мейман канасын.
Тетиктерин ак жолтойдун,
Текшерип өзүм оңдоймун.
Мотор, ходовойун,
Тормозун, рулун моюн
Болтторун ходовойлорун,
Ак тилик ойлордун,
Кызматында бол тойлордун.
Астыңдан шамаал жүрүп,
Алыска сапар жүрүп,
Жорголой бер ак жолтойум.
Көк шибер жашыл көктөм,
Көнөктөп жамгыр төккөн.
Жадырап май айындай,
Жашарып көңүл өскөн.
Сезимдин айы ушул,
Сен күткөн, мен да күткөн.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн таткым келет,
Өмүрдүн ыракатын,
Май айы-менин бактым.
Сулуусу он эки айдын,
Сурайлы сырын майдын.
Ачылып гүлдөй өмүр,
Арылат капа-кайгың.
Жашайлы ырга айлантып,
Жаштыктын жашыл айын.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн өмүр улап,
Өзүңдөн сүйүү таптып,
Май айы -махабатым.
Жаштыкты коштоп турган,
Жазга мен окшоп турам.
Жамалы-жашың ыраң,
Жакшы ойду козгоп турган.
Мезгилдин перзентине,
Мен сени окшоштурам.
Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Сүрөп бар санжылдарга,
Сүйүүсүн ар бир жаштын.
Бакчада балдар ойногон,
Жадырап жайдын кечи эле.
Колуңдан кармап мен койсом,
Атама айтам дечү элем.
Кайырма:
Кыз-жигит, канча ирээт адашабыз,
Кыз-жигит, кайра эле жарашабыз.
Кыз-жигит, бир келген өмүр жолдо,
Кыз-жигит, биз бирге баратабыз.
Аялуу сезим өрт жүрөк,
Айталы биз да ак тилек.
Адашып калбай жашоодо,
Табышса экен кош жүрөк.
Кайырма:
Айлуу түн бизге жарашып,
Ак чөлмөк ойноп таң атып.
Өмүрдө бирге өтөлү,
Адашып калбай, адашып.
Кайда жүрсөм мен, элесимде сен,
Жакшы болор эле дейм, эгерде билсең
Жакшы болор эле дейм, эгерде билсең
Элесимдесиң, билейм эмнеден.
Эгерде калсам көчөдө көрүп,
Көпкө, бир топко калам суйүнүп
Көпкө, бир топко калам суйүнүп
Өзүмдөн өзүм, ар кимге күлүп.
Токточу жаным, укчу сөзүмдү,
Көрсөм дейм дайым жалгыз озүңдү
Токточу жаным, укчу сөзүмдү,
Жүрөмүн эңсеп жалгыз өзүңдү.
Кабылдым мен сага,
Жаз күнү бульварда.
Аярлай, акырын,
Отурдуң жаныма.
Бүт боюм дүркүрөп,
Көз салдым мен сага.
Сүйкүмдүү карадың,
Нурларың айлана.
Кайырма:
Себеле, себелеп өткөн жамгырдай,
Тамчылай үстүмө жүрөктү жаралай.
Сени эңсеп, сени эстеп үмүтүм үзалбай,
Чөмүлөр бекенмин көлүңө калкып жай.
Отурду к бир азга зымырайт убакыт да,
Ойноп жаткансыды сезимде музыка.
Сыйкырлап сен мени кете алдың жай гана,
Көз менен узаттым ал келбей турууга.
Кайырма:
|