|
Өмүрдө өкүнүү бар, кубануу бар,
Өмүрдө бүтүү бар да, улануу бар.
Үзүлгөн жолду кайра жалгайлычы,
Өзүңдөн суусап күткөн сурануу бар.
Таарынба, ташта баарын, ташта баарын,
Эңсеткен сагынычтан башкаларын.
Желектей желбиретип жоолугуңду
Жолукчу, жоодураган акмаралым.
Алоолоп жүрөгүмдө жанган жалын,
Ак куу ким, сен ким, көлдө айыра албадым.
Сагынчым сабадагы саамал болду,
Таркатчы, жадыраган жайдарманым.
Сөзү : Б.Токторовдуку
Обону : Б.Токторовдуку
Туугандарым сүйүнчү,
Бүгүн биздин үйдө,
Уул бала төрөлдү,
Теңдеши жок күнгө.
Апа сүтүн аймалап, эмгениңди көрөйүн,
Ата атын чапкылап, мингениңди көрөйүн,
Муйдусунан өбөйүн.
Кайырма:
Апасынын баласы,
Атасынын баласы.
Өсө бергин чоңоюп ,
Тийсин элдин батасы.
Карап, карап окшотом
Жылдыз жанган айга,
Анан дагы окшотом
Таң чолпондуу таңга.
Апа сүтүн аймалап, эмгениңди көрөйүн,
Ата атын чапкылап, мингениңди көрөйүн,
Муйдусунан өбөйүн.
Кайырма:
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Кадимки айыл кечи, үйлөтүп отту күйгүзүп,
Билбести билгиздиңер, үйрөтүп атты мингизип.
"Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгүн өзүң үчүн" деп,
Атакем, алтын апакем, мээримиң чачып сүйгүзүп.
Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Эл-журтум аман жатабы?
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Саргайып күткөн балаңды.
Кадимки айыл таңы, күн чыкпай күндө турасың,
"Балдарга бак берсин" деп Кудайдан миң жолу сурадың,
Ата бир болуп калсам да, "уулум" деп баштан сылайсың,
Атакем, алтын апакем, тилегиң берсин Кудайым.
Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Сагынып айтам саламды.
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Алыста жүргөн балаңды.
Кадимки айыл чети, ойлонуп мен да турамын,
Бирине бириң жөлөк аксакал болгон убагың.
Жашымда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү,
Атакем, алтын апакем, Кудайдан ошол сурарым.
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.
Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.
Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.
Кайырма:
"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.
Кайырма:
Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайып барынча.
Күн сыяктуу күтүп турам өзүңдү,
Кетпейм сага жолукмайынча.
Көздөрүңдөн алып сыйкыр жылуулук,
Кетпейм, кетпейм сага жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүң угуу майрамдардын майрамы,
Жаным биргем жаркын жан эркем.
Келечектин эртеңкиси табышмак,
Бул жашоонун бүтпөс ырахаты сен.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон уруп теминсе.
Жүрөгүңдөн укмуш, укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Көздөрүңдөн көрүп, көрүп өзүмдү,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Кетпейм сүйүү сырын бөлүшмөйүнчө,
Кетпейм сени менен көрүшмөйүнчө.
Сөзү : Азада Бегимкулова
Обону : Маматмуса Бакиров
Мен ойлоймун сени жаным,
Бир партада отурганым.
Мына өткөн күндү эстеп,
Өзүмчө бир кубанамын.
Кайырма:
Ойно жаным,ойно күлүп,
Сени менен мен ойноймун.
Ойносом да, ойлосом да,
Карашыңа эч тойбомун, жаным.
Ошондо сен жаш кыз элең,
Сабактан эч калбачы элең.
Келбей калсаң сен сабака,
Өзүмчө бир кайгырчы элем.
Кайырма:
Эстен кетпейт өткөн күндөр,
Бирге жүргөн айлуу түндөр.
Сага арнадым кызыл гүлдү,
Тартуу кылам ушул ырды.
Кайырма:
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Бириңдеги сулуулук бириңде бар,
Бириңдеги улуулук бириңде бар.
Мага деген жылуу сезим айткылачы,
Биле албадым кимиңде жок, кимиңде бар.
Силердеги сулуулук суудар бүткөн,
Силердеги улуулук нурдан бүткөн.
Эх, экиге бөлүнүп өзүм дагы,
Экөөңдү тең эчкимге бербей сүйсөм.
Кайырма:
Эгиз кыздар окшошкон Батма-Зуура,
Эгиз кызды сүйүп калуу кыйын тура.
Катар басаң тааный албай кыйналамын,
Айткылачы кимиң Батма кимиң Зуура?
Сөзү : К.Калыковдуку
Обону : К.Калыковдуку
|