|
Неден жаздым, неден жаңылдым,
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп,
Жылаажындай күлкүң сагындым.
Куса болуп жездей саргарып,
Күйүтүмдөн чексиз багындым.
Сага арнап сүйүү ырларын,
Сага айтам жүрөк сырларын.
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам,
Сага айтам тунук сырларым.
Махабаттын кезип сапарын,
Махабаттын ачкам кырларын.
Табийгат да сенсиз суз тартып,
Аянычтуу дайра муңканып.
Суу боюнда өскөн камыштар
Шуудурашат үнсүз сумсайып.
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң,
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм?
Кайда кеттиң, кайда кеттиң...?
Сынасам көңүлүмө толосуңбу?
Сылык сүйлөп, сыпаа күлүп коёсуңбу?
Сени айтып курбуларга мен мактансам,
Сыймыктанар адамым болосуңбу?
Кызыксам көңүлүмө толосуңбу?
Кыйгач карап, кытмыр күлүп коёсуңбу?
Кыйынчылык башка түшүп турган кезде,
Кыр көрсөтчү курдашым болосуңбу?
Жактырсам көңүлүмө толосуңбу?
Жайкап сүйлөп, жайнап күлүп коёсуңбу?
Жамандык башка түшүп турган кезде,
Жардам берер адамым болосуңбу?
Тандасам көңүлүмө толосуңбу?
Так сүйлөп, тамашалап коёсуңбу?
Тайгак кечүү, тар жолдон тайгалансам,
Тагдырлаш күйөрманым болосуңбу?
Ардактасам көңүлүмө толосуңбу?
Аяр карап, алдап күлүп коёсуңбу?
Акылымдан адашып турган кезде,
Акылдашчу адамым болосуңбу?
Жолуксам көңүлүмө толосуңбу?
Жоодур карап, жообун айтпай коёсуңбу?
Жол таппай баш айланып турган кезде,
Жол көрсөтчү жолдошум болосуңбу?
Оорусам мен деп ооруган,
Апакем менин бар бекен?
Эмне үчүн келбейт бир жолу?
Атакем менин кайда экен?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.
Чымчык да коргойт балапан,
Чымды алып келип талаадан.
Унчукпас болуп мен бүгүн,
Кусадан ооруп баратам.
Кызгалдак терип келсем дейм,
Апакем, сага берсем дейм.
Мойнунан бекем кучактап,
Аталык мээрим көрсөм дейм,
Энелик мээрим көрсөм дейм.
Сумсайып барат негедир,
Ачылбай сыздап көңүлүм.
Айта албай, ата, атыңды,
Өтөбү эми өмүрүм?
Күлкүнү билбей кайгырып,
Ой менен жашап өтөмбү?
Айта албай эми атыңды,
Өмүрдөн өксүп өчөмбү?
Жашоодон ыйлап өтөмбү?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.
Сөзү : Б.Сейитбекованыкы
Обону : А.Карымовдуку
Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.
Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим сени.
Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.
Кайырма:
Жылдызың сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.
Кайырма:
Ай чыгарын күтүшкөн күндөрүбүз,
Тандап терген татына гүлдөрүбүз.
Сен мага деп, мен сага сунар элем,
Өмүр бою үзүлбөй күдөрүбүз.
Кайырма:
Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы,
Жаштыгымда ойлобопмун мындайды.
Эскерели өткөн күндү санаалап,
Эстеликке эскеришер күн калды.
Ай асманда жылмайып турар эле,
Мээрим менен жакындык сунар эле.
Түбөлүккө бир болуп жүргүлө деп,
Асыл кебин кулакка куяр эле.
Кайырма:
Ай чыгарын күтүшкөн күндөр калды,
Тандап терген татына гүлдөр дагы.
Сезимдеги сакталган ал күндөрүм,
Көрүнбөй ал күндөрүм артта калды.
Кайырма:
Талантым тоо томкоруп кетсе дагы,
Ташкындап ай-ааламга жетсе дагы.
Каалабайм досторум жок өткөн күндү,
Толтуруп бар байлыкты берсе дагы.
Атагым аалам жарып турса дагы,
Алгын деп алтын-күмүш сунса дагы.
Алмашпайм эч нерсеге досторумду,
Өмүргө мүрөк суусун куйса дагы.
Жакшыны, жаманды да тең бөлүштү,
Тагдыр буйругун сен тең көрүштүң.
Тилегим – ыраазы болсун Жаратканым,
Бактымды келет сага тең бөлүшкүм.
Кубанчымды келет сага тең бөлүшкүм,
Сүйүнчүмдү келет сага тең бөлүшкүм.
Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.
Күтүүгө үмүт болуп жагылганы
Күйүттүү ырга айланар тагдыр болду.
Экөөбүз жаз шаңына бөлөмөкпүз
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду,
Ээй, бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолду.
Күтүүгө жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан
Бир кезде тагдырыбыз экөөбүздүн,
Ээй, тагдырыбыз бир кезде экөөбүздүн.
Сөзү : Надырбек Алымбековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Кайда эми биз эңсеген бакыт жолу?
Кайда эми ошондогу ашык болуу?
Жүрөктөн кетпейт экен көп элестер,
Жүргөн кез узатышып, басып чогуу.
Кайда эми кереметтүү сүйүү деген?
Суу беле жерге сиңип билинбеген?
Бир көргөн кымбат күндөр кайрылбады,
Бир гана үмүт калды түңүлбөгөн.
Кайда эми таттуу кыял, асыл санаа?
Биз жүргөн кызгалдактуу жашыл талаа.
Билгизбей ортобузду жылдар бөлдү,
Бир көргөн тааныштаймын азыр сага.
Кайдасың, азыр мени ойлойсуңбу?
Какшанып жүргөнүмдү торгой сындуу.
Билинбей сага арнаган ырларыма,
Бир жолу көз жүгүртүп койбойсуңбу?
Сезимдер учат куш болуп,
Сагындым көпкө келбесең.
Бугумду басып турганда,
Ии, кусадан ыйлайт терезем.
Кайырма:
Сунам ыр десте сагынган кезде,
Жүзүң албырып күйгөндө эсте.
Оң көзүң тартып койгондо эсте,
Жамгырлуу кечте.
Кубалап кайгы-капамды,
Кулпулап берчи санаамды.
Ыраазы кылып сүйүп кой,
Ыр менен барган саламды.
Кайырма:
Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде, билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол, билип кой.
Кубанышып апалар, жалпы аялзат
Күндөгүдөн жүздөрүндө бугүн күлкү-шат
Гүлдестенин мыктысын тандап терейин,
Белек кылып бул ырымды ырдап берейин.
Бүгүн марттын сегизи, уккуң энеке,
Майрамыңда ырдабастан турам эмнеге.
Селкилерге ырдайынчы сага карындаш
Эжелереге, сүйгөн жарга, сизге жеңеке
Батына албай энелер бүгүн кубанып,
Кучагында гүлдөр толло ырлар уланып.
Аялзаты соолубасын, болсун ар дайым,
Бүгүн мен да ырым менен тилек айтайын.
Кайырма:
Наристеге каалоо айтам, жаткан бешикте,
Толкунданып, сүрдөнөмүн белек беришке.
Баарыбызды адам кылып, төрөп өстүргөн,
Оо, энелер чыкса деймин баары бейишке.
Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Абидин Темировдуку
Ким сулуу дейт, чынында эле ким сулуу?
Кыйындыкка баш бербеген бир сулуу.
Кылычтабай, мылтыктабай, кыйнабай,
Кээде сөзгө салып койгон тил сулуу.
Кыздар сулуу, кыз сөөлөтүн сактаган,
Жигит сулуу, багытынан качпаган.
Бала сулуу, бейкут жашап бал соргон,
Кары сулуу, бак-дөөлөтү батпаган.
Ким сулуу дейт, чынында эле ким сулуу?
Жигит кызга сунуп турган гүл сулуу.
Актык сулуу, акыйкаттык, ак эмгек,
Баарысынан адам деген эң сулуу.
Сөзү : М.Шахановдуку
Обону : М.Шахановдуку
Бабалардын намысындай,
Көөдөн керип талаа жатат.
Азоо өзөн агышындай,
Жылдар өтүп бара жатат.
Кайырма:
Канат кагып учкан уям,
Туулган айылым.
Мен кай жакта жүрсөм дагы,
Сени ойлодум, туулган элим.
Кайда, кайда жүрсөм дагы,
Сени ойлодум, туулган элим.
Ойго залкар күү келгендей,
Алып учат бала кыял.
Ала-Тоого таянгандай,
Таянамым, элим, сага.
Тоолоруңа теңешемин,
Тоого карай жүрүп келем.
Сенин жаркын келечегиң,
Болсом деген үмүт менен.
Кайырма:
Нукура тийген күндөйсүң,
Нуруна куштар ким дейсиң.
Кылчая карап бассам да,
Кыялым, жигит, билбейсиң.
Айдарым соккон желдейсиң,
Айланып неге келбейсиң?
Жылмая карап тоссом да,
Жылдызга колуң сермейсиң.
Өтпөсө деймин өмүр бош,
Өмүргө жөлөк өмүр кош.
Жүрөгүм таппай түгөйүн,
Жүрбөйүн жаным көңүл кош.
А таңда жарык нур келет,
Анткени бурулчу беле?
Жүзүңдөн жүзүм от алып,
Жүрөккө жүрөк сыр берет.
Күттүм көп, жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан,
Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн.
Күтүүдөн үмүт болуп жагылгамын,
Күйүттү ырга айланткан тагдыр болдуң.
Экөөбүз жаш чагына бөлөнмөкпүз,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолдор,
Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор.
Күттүм көп, жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып, кечээ күттүм.
Ушул жол мени жалгыз алпараткан,
Бир кездеги тагдырыбыз экөөбүздүн.
Бөлөк түшкөн өмүрдө биздин жолдор,
Бөлөк түшкөн турмушта биздин жолдор.
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Сен менден кеткиң келди, кеткин эми,
Таңга окшош таалайыңа жеткин эми.
Өзүңдү элестетип турар мага,
Өксөсү басылбаган жаздын жели.
Каректен кайгы жашым токтобой эч,
Кусага тебеленет курган жүрөк.
Мен үчүн татып келет бир кылымга,
Өзүңсүз өтүп жаткан ар бир мүнөт.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Эч качан бүтпөгөндөй күн сапары,
Менин да сагынычым бүтпөйт эми.
Курманы болсом мейли махабаттын,
Сагынып жүрүп гана жалгыз сени.
Кайыр кош, бакыраң көз бактым менин,
Эңсетер эми мени сенин демиң.
Жашатар шыңгыр күлкүң, кардай жүзүң,
Жалбырактай жупжумшак эриндериң.
Кайырма:
Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай,
Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай.
Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай,
Мен сени сагынармын, сен мени сагынарсың.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : Р.Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.
Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.
Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн жаралгам.
|