|
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Кыргыз жерим кооз, жайлоо керемет,
Кыр-кырларың аска, зоолор керилет.
Акылымдан танып турса да эч ким,
Ар ким үчүн өскөн жери керемет.
Кайырма:
Лейлек, Лейлегимди сагындым,
Лейлегимди көздөй бүгүн камындым.
Илек-илек, Лейлек тоонун кушундай,
Баратамын сага, мени тосуп ал.
Кырк айланып жерин кыргыз калкымдын,
Далай жолу таптым кенин алтындын.
Сулуулугу сулуу соруп кетсе да,
Жылуулугу сенсиң ошол алтындын.
Кайырма:
Кыргыз жери кооз, жайлоо керемет,
Кыркырлары аска, зоолор керилет.
Өңгөчүңдү тартып турса да, Эч ким
өскөн жерин өзгө жерге теңебейт.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында.
Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу, от чачышуу жүрөктөн.
Сен бир бакча мөмөлөрүң келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү, сүзүп өтүү деңизден.
Катарлаш жүргөнүңдө баркың сезбей,
Канатсыз каларымды неге эстебей.
Коштошуп койдум беле курган жаным,
Канетип сенсиз өмүр өтөт дебей.
Сен кеткен караңгы жол жарык чачып,
Күнүгө карай берем өңдөн азып.
Билгизбей тушап коюп кетиптирсиң,
Жаралап жүрөгүмө атың жазып.
Жумуштан шаңдуу кайтып түнөгүмө,
Оорубай куландан соо жүргөнүмдө.
Доктурдун күчү жеткис илдет берип,
Сүйүүңдү сүртүп кеттиң, сыйпап кеттиң жүрөгүмө.
Сөзү : Алымкан Дегенбаеваныкы
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Тамырларга жылуулук келип кайра.
Тай кунандай туйлашат суулар сайда.
Ар-бир үйгө тартуулап тазалыкты.
Ар-бир жанга кол сунат нооруз майрам.
Кайырма:
Алас-алас-алас, ар балээден калас.
Эски жыл-кетти, жаны-жыл келди.
Жакшылыкка жар бол,
Кырман толо дан бол.
Алас-алас-алас, ар балээден калас.
Сүмөлөк-сүмөлөк- сүмөлөк жегиле.
Ак бата-ак бата-ак бата бергиле.
Бак тиккен багбанга, баба дыйканга.
Жана да-жана да-жана-да менин эргүүмө.
Саманчынын жолундай сабын бузбай.
Айлар өтүп жыл толуп келди кайра.
Ала-Тоонун ичине айылыма.
Ар улуттун өзүндөй нооруз майрам.
Кайырма:
Калкым күтүп кубанат кабагына.
Чаң жукпасын таптаза кабагына.
Ак тилектей айылыма кел ноорузум.
Аппак шоола төгүлсүн кадамыңа.
Сөзү : Гүлсина Өмүрбек кызыныкы
Обону : Абидин Темировдуку
Мен сени миң көрүүдөн чарчабаймын,
Миң муунак жыпар төккөн арчадайым.
Жылдыздай көздөрүңдөн сүйө берип,
Жибергим келбейт кусам таркамайын.
Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Караймын, карагандан карек талбай,
Көнөмүн тагдырыма көңүл алдай.
Кантсем да бугум жазып азыр эле,
Кайра эле куса болом кумар канбай.
Кайырма:
Өмүр кубаты, өзүңсүз кантип турайын?
Келчи кучакка, көңүлдөр бирге кубансын.
Жарыгым болчу, жашообуз бирге улансын,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Өзгөчө сагынганда бөлүнөмүн,
Өлмөйүн сенден кантип түңүлөмүн?
Өмүрдү кечип издеп келе берем
Өзүңдү төрт бурчунан дүнүйөнүн.
Кайырма:
Кантейин эми, кара көзүң эзип жүрөктү,
Арманга салып, арадан канча күн өттү.
Ошол карашың оттой жанып мени жүдөттү,
Жал-жал көзүм, на-на, на-на, на-на...
Сага деген мас жүрөгүм соолукту,
Кеч болсо да өз теңиме жолуктум.
Ак жолукту кыйгач байлап назданып,
Мен өзүңө болбой калдым колукту.
Апакеңдин болбой калдым келини,
Болсо керек сүттөй аппак пейили.
Аттиң арман турмуш сырын чече албай,
Бүтпөй калды махабаттын сейили.
Турмуш чиркин өтүп барат карачы,
Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.
Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,
Болбой калдың, эрке күйө баласы.
Болбой калдың, сүйгөн күйө баласы.
Сөзү : К.Иманалиевдики
Обону : М.Осмоновдуку
Сүйүү кандай керемет күч, касиет!
Сүйгөн сайын сүйгүң келет канча ирет.
Сен жаралган ушул күнгө ырахмат,
Сен жашаган бул дүйнөгө каниет.
Кайырма:
Таптым сени, ажайып кооз күн көрдүм,
Сен болбосоң кызыгы не дүйнөнүн?
Аалам толо сүйүү бердиң сен мага,
А мен сага кучак толо гүл бердим.
Таңда көрсөм, күн батканча сагынам,
Ай жаңырса, амандыгың жалынам.
Сени менен Жер айланып жаткансыйт,
Сүйдүм сени баш айланып баарынан.
Кайырма:
Бала күттүк, бакыт таптык, ташылдык,
Сени менен сендик болуп кошулдум.
Бийик болсун биздин ыйык махабат,
Куттуу болсун сен төрөлгөн ушул күн.
Кайырма:
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылган,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып өтүнөм?
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге барып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыганча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Таба албайм, кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Арбалсаң да бир келерсиң,
Эстегенде сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өтүнөрүм көкүрөгүм элестейт,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүң,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Күлкүң сонун жаш толкундун шаңындай,
Жылмайганың кең жайлоонун таңындай.
Жаным бирге, сенсиң сүйүү булагы,
Бүт жылуулук берип турган жалындай.
Кайырма:
Мунара, Мунара,
Мунара, Мунара, ойлончу калбай убалга.
Мунара, Мунара,
Мунара, Мунара, аячы, берчи убада.
Элестейт көз алдыма,
Колтуктап мени басканың,
Алкымдан жыттап анан да,
Эрдиңден сүйүп жатканым.
Бассаң-турсаң көзгө сүйкүм элесиң,
Ак шооладай жарык нурун бересиң.
Керемет күч мен тарапка тартылып,
Көлдүн көркү ак куу болуп келесиң.
Кайырма:
Күндө жаңы жашоо-турмуш агылып,
Жан дүйнөмдөн түркүн гүлдөр ачылып.
Бир өзүңө арзуум артып баратат,
Сен сагынсаң мен да сени сагынып.
Кайырма:
Башканы такыр карабай,
Байыр алып сага баладай.
Кучактап сени турсам да,
Кумарым калат тарабай.
Жыргаткан жаздын жазы жай.
Жыттасам жытың атырдай,
Сармерден айтып жатсам да,
Сагынчым турат жазылбай.
Күн өткөн сени жоктогон,
Алоолоп күйүп чок болом.
Кылгырып карай беремин
Кыздарды сага окшогон.
Сөзүңдү уксам сиз деген
Көлкүлдөй берет бүт денем.
Өзгөчө сулуу белемсиң
Өмүрдө өзүм издеген?
Билбедим булбул болуп таңшыдымбы,
Бир гана сага арнагам таңкы ырымды.
Мен анан күйүт күүсүн чалып калдым,
Мээнитпей дил арзыган таңсыгымды.
Ойлогом тартууласам жан сырымды,
Ойготор махабатын жарчымынбы?
Оюнга чалганымда арзуу-зарым,
От тамбай, билдим анан алсызымды.
Табышмак, турмуш жолу туруктуубу?
Табышмак, жетмек беле туруктуулук?
Өкүнтүп элесиңди өчпөс кылган,
Өтмөкмүн махабатка кулдук уруп.
Сөзү : Эркин Тазабековдуку
Обону : Абидин Темировдуку
Көл жээгинде ойлуу турам,
Ташты ургулайт толкундар.
Толкун болуп тарап кеткен,
Жандайынан курбулар.
Көргүм келет көзүңөрдү
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.
Кыял күткөн кызык күндөр
Калды алыс, алыста.
Башка-башка жолдор менен
Кеттиңерби алыска?
Оо, курбулар, сагындырган
Ар бириңди эстеймин.
Жылдыз сымал жанып турган
Ал күндөрдү эңсеймин.
Жүрөбүз деп ойлогонбуз
Түбөлүккө айрылбай.
Ар ким издеп өз бактысын
Кеттик, достор, кайрылбай.
Көргүм келет көзүңөрдү,
Жаштык жанган, от жанган.
Куса болуп карай берем
Ордуңарды бош калган.
|