|
Жалындап өткөн жаштык кезди сагынам,
Жалбарып кетпечи деп сенден суранам.
Курбу, досторум келгилечи бул кечте,
Эске салалы жаштык кезди кайрадан.
Кайырма:
Жаштык, жаштык, жаштык өмүрдөгү майрам,
Жаштык, жаштык, жаштык оюн-күлкү сайран.
Жаштык, жаштык, жаштык алгач сүйүүм, арман.
Издесем кайра кайра табылбай,
Жаштыгым кеттиң кайрылбай.
Алыстай бердиң арылай.
Кайрылбас ал күндөрүм кайрылбайт кайра,
Жылдар өтсө да эскерербиз дайыма.
Жашыл көйнөкчөн жаштык кезим арылай,
Узакта карап кол булгалайт алыстан.
Кайырма:
Жаштык, жаштык, жаштык өмүрдөгү майрам,
Жаштык, жаштык, жаштык оюн-күлкү сайран.
Жаштык, жаштык, жаштык алгач сүйүүм, арман.
Издесем кайра табылбай,
Жаштыгым кеттиң кайрылбай,
Алыстай бердиң арылай.
Бул турмуштун тартибине баш ийип,
Курдаш кыздар, келин болуп кеттиңер.
Өз колунан өз оозуна аш тийип,
Курдаш балдар, эр-азамат жеттиңер.
Кайырма:
Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү,
Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги.
Биздин жаштык калды күндө кечээги.
Баарыбыз тең болбогон соң, текши улуу,
Бир көчөгө чоң эстелик коюлбас.
Мен силерди дайым эстейм кечкурун,
Карып бара жаткан балдар, моюндаш.
Кайырма:
Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү,
Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги.
Биздин жаштык калды күндө кечээги,
Ошол күндөр такыр эстен кетпеди.
Биздер эми кайда гана барбайлы,
Кайсы жерге түшсөк дагы эчели.
Картайганда канча курбу тандайлы,
Бирибизге бирибизбиз эстелик.
Кайырма:
Мен отурам бүгүн тиктеп көчөнү,
Биз баарыбыз чогуу жүргөн кечээги.
Биздин жаштык калды күндө кечээги,
Биздин жаштык калды күндө кечээги.
Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики
Обону : Э.Кайымовдуку
Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ансыз да өмүр кыска, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Сөзү : К.Жуманазаровдуку
Обону : У.Сыдыковдуку
Жатам ойлуу жалгыз өзүм камыгып,
Өткөн күндөр көз алдымдан агылып.
Мүмкүн, азыр мени ойлоп сен дагы,
Жаткандырсың ай шооласын жамынып.
Бетти сылап өтүп кеткен жай жели,
Эркелетип сүйгөн чыгар ал сени.
Сени карап күлүңдөгөн чолпон да,
Күлөт сырга түшүнгөндөй мендеги.
Чолпон болсоң сенин кайда жүргөнүң,
Мага даана болбойт беле, сүйгөнүм.
Дайым кечте уйку алдында жылмайып,
Жанга кубат болбойт беле суйгөнүң.
Туулган жерим асыл турагым,
Сезимимде өчпөс чырагым.
Симфония болсоң сен эгер,
Нота болуп сага турайын.
Кайырма:
Кереметүү күүлөр куюлуп
Кулагымда турат угулуп
Туулган жерим сенде турбайбы
Айтып бүткүс, кооз, сулуулук
Түшкө кирсе күлгүн жамалың,
Жүз көрүшүп сергип каламын.
А сен болсо бүтпөс чоң дастан,
Бар болгону мен бир сыяңмын.
Кайырма:
Обон салган талаа жаңыртып
Кайрыктары миң бир кыялдын
Дептер болсоң сансыз барактуу
Из калтырар мен бир сыяңмын.
Кайырма:
Кубанычтуу күн келип алдыңа,
Каткырып, күлүп ойно бул чакта.
Өмүрдүн гүлү болгон ардагым менин,
Бактылуу болгун, куттуктайм сени.
Кайырма:
Туулган күнүң куттуу болсун,
Туулган күнүң!
Белек кылып мен берейин
Роза гүлүн.
Бир гана жолу жылына келген,
Өмүрдүн гүлүн энчилеп берген.
Ушул күн, билгин, таалайлуу күнүң,
Энекең төрөп, жарыкты берген.
Кайырма:
Сөзү : Т. Кожомбердиевдики
Обону : Ж.Кайыповдуку
Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.
Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.
Силер анда, мен күнчүлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Мен силерге өмүр бою карызмын.
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Өмүр чиркин суудай агылып,
Балалыгым кетти агызып.
Узадыбы менден билинбей,
Же кеттиңби мага таарынып.
Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде кетти аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык.
Куштай сызып канат кагылып,
Айылыма келдим сагынып,
Көздөн учат ширин балалык,
Кайда калдың менден жашынып
Кайырма:
Айланайын алтын балалык,
Сенде эле го аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,
Кагылайын ширин балалык
Сенде элего аруу тазалык.
Жолугалы дагы бир өмүрдө,
Түбөлүккө бирге калалык.
Айланайын алтын балалык,
Кайда калды биздин балалык?
|