|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Алтынбек Алымовдуку
Обону : Өктөм Сапар уулунуку
Жаркырайсың жазда ачкан кыпкызыл гүлүм,
Жактырып мен жалындап күйдүм.
Бал тилиңе байландым, байландым өзүм,
Бакыраң көз ашык болуп, албырып сүйдүм.
Кайырма:
Ашыкмын, ашык болдум каралдым,
Ашыкмын, айдай сулуу кабагың.
Сагындым, сарсанаага кабылдым,
Сагындым, сан ойлорго багындым.
Жалындайсың жан дүйнөмдү азапка салып,
Акылымды башкарып алып.
Капилеттен айландым го аргасыз болуп,
Карааныңа көпөлөктөй канатым кагып.
Кайырма:
Топ кыздардын арасынан,
Көзүмө эле көрүнөсүң.
Байкап мен башта сени жүргөм,
Ай болуп төгүлөсүң.
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак,
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң.
Кайырма:
Жаным, жаныңа эле барсамбы,
Сүйөм деп айтсамбы.
А бирок айтуу кыйын,
Муңайып кайтамбы.
Эх, сулуу сырларыңды ачсаңчы,
Ай, жылдыздай жансаңчы.
Жомоктогу чүрөк сымал,
Периштеге айланчы.
Мажбурлап туңгуюкка түртүп
Азапка салдың мени кыйнап
Махабат дастанындай болуп
Калбасын ак сүйүүбүз сыздап
Басалы кол кармашып бирге
Өмүрдүн өрүн көздөй улап
Кайырма:
Топ кыздардын арасынан
Көзүмө эле көрүнөсүң
Байкап мен башта сени жүргөм
Ай болуп төгүлөсүң
Күлгөнүң мөлтүр тунук булак
Кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң
Сөзү : Фатима Абдалованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды менен күлкүсүнөн тааныгам.
Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм,
Назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм.
Кечигип көп көрүнбөй калганыңда,
Кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм.
Сен болсо сезимимди кордогонсуң,
Жаралуу жүрөгүмдү кыйнап жүрдүң.
Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар,
Деген сөз анык экен акылмандын.
Жолугуп мени сүйгөн бир адамга,
Сен деген жүрөк дартын алып салдым.
Сен эми мен жөнүндө ойлобогун,
Мен сенден ушунчалык алыстадым.
Мен дагы сен жөнүндө ойлобоймун,
Сен менден ушунчалык алыс калдың.
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Отун ал, күкүрт жаксаң жанып кетет.
Мен үчүн мал, гилемдер дүйнө эмес,
Каптаса сел баарысын алып кетет.
Заңгырап турган үй да кымбат эмес,
Катуурак жер тербесе түшүп калат.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн үшүп калат.
Мен үчүн ден соолук да кымбат эмес,
Соо туруп кокустуктан ажал жетет.
Бир кылым жашасам да өмүр эмес,
А өмүр көз ирмемде жанып өтөт.
Мен үчүн бийлик дагы кымбат эмес,
Жаш жетсе, жашыраагы алып кетет.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган ачуу сөздөн зилдеп кетет.
Мен үчүн уйку деле ширин эмес,
Түбөлүк уктап жатчу күн да келет.
Элимде эгер калса менден элес,
Жашоого миң жаралып келем демек.
Мен үчүн эң кымбаты адам дили,
Айтылган суук сөздөн,
Айтылган ушак сөздөн үшүп калат.
Сөзү : Муса Баетовдуку
Обону : Муса Баетовдуку
Сагынам сени ойлонуп,
Самадым эстеп кадырың.
Кайсы эле күнү өчүрөм,
Жүрөктүн күйгөн жалынын?
Аттандым алыс эртеси,
Алтыным мында келсечи.
Айлыңда аман бар бекен,
Акындын сүйгөн эркеси.
Айтайын тилим сайратып,
Ашкере ичти кайнатып.
Кай жерде жүрөт болду экен,
Аркардай көзүн жайнатып.
Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : К.Рыскуловдуку
Сөзү : Б.Сейитбекованыкы
Обону : А.Карымовдуку
Мээримдүү сөздөр менен жылыткансыз,
Жолдорду жолуктурчу унутканбыз.
Жээктерде дайра турса бириктирбей,
Баары бир сизди сүйөм унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрдү унутпаңыз.
Шамалга баш ийген бир булуттарбыз,
Шар жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Бирикпес күндөр барын билсем дагы,
Бир сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Кейитип сезимдерди курутпаңыз,
Кең жүрчү жолдор кайда унутканбыз.
Айрылуу арман барын билсем дагы,
Асылым сүйөрүмдү унутпаңыз.
Мен сизди сүйөрүмдү унутпаңыз.
Сөзү : Ибрайим Айип уулунуку
Обону : Т.Колдошовдуку
Ар дайым көздөрүбүз чагылганда
Күнөөсүз сүйүүбүзгө багынам да.
Сыртыман колум шилтеп жүргөн менен,
Мен сени сагынам да, сагынам да.
Мен сени кол тийгизбей аяп сүйгөм,
Жан бирге жолдошумдай санап жүргөм.
Мен сени күндө кыспай кучагыма,
Мен сени аяп жүргөм, аяп жүргөм.
Каш керип карегиме тартып элес,
Эркелеп сүйдүрбөчү, кагылайын.
Жалындап жамалыңа күйүп эмес,
Жөн гана агаң болуп сагынайын.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Камыштын дилдирегиндей,
Какымдын үлбүрөгүндөй,
Көңүлдө турат бир сезим,
Төгүлүп келип, төгүлбөй.
Кайырма:
Арзуу бай, турбагыла,
Ак сүйүү арнабагыла.
Алсаңар мени, а бирок
Кол менен кармабагыла.
Булуттун бүркөгүндөй,
Булактын тунук үнүндөй,
Кыялда турат бир сүрөт,
Көрүнүп келип көрүнбөй.
Кайырма:
Чыгыштын буурул таңындай,
Чымчыктын балапанындай,
Чыйт-чыйттап келип бир обон,
Жаңырып турат жаңырбай.
Сөзү : Т.Нурматовдуку
Обону : Т.Нурматовдуку
Кубанычтар дайра болуп агылып,
Келин келет ак шөкүлө жамынып.
Куттукташып жубайлардын үлпөтүн,
Той башталды, той башталды,
Алакандар, алакандар чабылып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Ак тилектер, ак ниеттер айтылып,
Апалардын чачыласы чачылып.
Кана эмесе, оо, туугандар ак жол тилеп,
Каалайлы, каалайлы,
Узун өмүр, узун өмүр, чексиз бакыт.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Жоодураган көздөр көзгө кыналып,
Жашагыла жазгы гүлдөй буралып.
Абийирдүү, ар намыстуу болсун деп,
Ата-энеңер, ата-энеңер, ата-энеңер бата берет кубанып.
Кайырма:
Бийлейли, бийлейли, жаш селки турба,
Бийлейли, бийлейли,
Кошто жигит ыр ырда.
Бактылуу болгула,
Ишке ашып оюңар.
Кут болсун, кут болсун,
Үйлөнүү тоюңар.
Сөзү : Т.Кенжеевдики
Обону : Т.Колдошовдуку
Мен балалуу, сен бирөөгө бүлөсүң,
Дале таза сага мээрим, мүнөзүм.
Көрөмбү деп көп келемин шаарга,
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?
Оштон тапкам мага жагып мүнөзүң,
Эстен кетпейт мажүрүм тал, бир өзүң.
Тагдыр сени бир көргөзөр деп келем,
Дайының жок, сен сагынбай жүрөсүң.
Сезим жанып, бактылуу сен өзүң,
Сени издеген өзгөрүлбөйт мүнөзүм.
Бизге күбө Сулайман тоо, Ак-Буура...
Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?!
|