super.kg logo

Бишкектеги Ак-Ордонун тургундары суукта электр энергиясы берилбей жатканын айтып, Ак үйдүн алдына кайрадан чогулушту

 
Аида Жаныбек кызы

Ак-Ордо конушунун жашоочулары президент Алмазбек Атамбаевге электр энергиясын тартып берүү талабын коюп бүгүн, 21-ноябрда Ак үйдүн алдына чогулушту. Чогулгандардын саны болжол менен 300гө жетет. Тургундар өздөрүнүн өкмөткө болгон нааразылыгын билдиришти.

"Баламдын кичүүсү 3тө, улуусу 1-класста окуйт. Тапшырмаларын күндүз аткарат, кээде түндө окуганга туура келет. Өкмөт элди ойлобой калды", - дейт бир жылдан бери электр энергиясы жок жашаган Аида Жаныбек кызы.

"Мен да бир жылдан бери электр энергиясыз жашайм. 3 балам бар. Күн суук болуп жатат, кыйналдык", - дейт Ак-Ордонун тургуну Гүлжан Шаршеналиева.

Эскерте кетсек, аталган конуштун жашоочулары буга чейин да өкмөткө кайрылып келишкен.

Азырынча чогулгандарга бийлик өкүлдөрүнөн бири да чыга элек. Митингдин жүрүшүн 10дон ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.






Ак үй алдында митинг болуп жатат

Митинг: "Өкмөт, элди суукка тоңдурба!"

Автор: Насипа Тагаева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
21.11.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыштын камын жазда көр... Койчунун кызы кой келгенде иш кылат...
21.11.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ий кайран элим кыйналгандын эле ичинде...окмоттун уйу жылуу,жарык иштери жок..
21.11.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жерди саткандан башканы билишпейт да чоңдор
21.11.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөзсүз эле Атамбаевге барыш керек беле тобоо кылдым. Айыл өкмөтүңөр не кылып жатат? Эй эл журт кичине эле калды,Атамбаевдин кетээрине бир ааз эле убакыт калды, чыдай тургулачы митинг пикеттерди уюштурбай. Же канга сиңип калганбы билбейм. Тоогуңар өлсө деле пикет кылыр салчудайсыңар Атамбаевди күнөөлөп. Болбойт да ушу...
22.11.2016. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekyz1,каяктагы тоок, ошондой жерге барып жашап көрсөң анан билесин, бул социалдык маселе. Жерди саткандан кийин инфраструктурасын жасап бериш кимдин милдети? Бишкектин четинде жарым миллион киши жашайт!
Медиа-портал
22.11.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийлике мин наалат элдин ырыскысын жеп отурган бийликсоройлор качан ушул карапайым элдин камын ойлогон адамдар келет бекен озумдун мамлекетимдин ушундай акыбалын коруп ыйлагым келет байкуш элим кудай гана сактап турат да биз дагы дел
Медиа-портал
22.11.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизди
Медиа-портал
23.11.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын озубуз тытынып жазайбызда даяр болгондо окмотко жалдыраганыбыз окунучтууда бышкан ашты жеп коюшат дагы анан биз жазадык дейт ошол чон баш сооройлор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: