Бишкекте "Сүмөлөк-2017" фестивалында 40 казан сүмөлөк кайнатылууда























Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги Көк-Жар конушундагы этнокомплексте "Сүмөлөк-2017" фестивалы башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй тигилип, 40 казан сүмөлөк кайнатылып, 40 кой союлат. Мындан сырткары боорсок, май токочтор бышырылууда. Фестиваль ата-бабаларга багышталып куран окуу менен ачылды.
Этнокомлексте атайын сахна даярдалып, манасчылар өнөрлөрүн тартуулап, бийчилер "Кара жорго" бийин аткарышты. 40 атчан жигиттер сахнанын алдындагы боз үйдүн түндүгүн көтөрүп, Умай эне алас айтып, чогулган эл тилектерин айтышты.
"Кыргыз 40 уруудан куралгандыктан, 40 казан сүмөлөк кайнатып жатабыз", - дешет уюштуруучулар.
Салтанатка коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов, Эмилбек Каптагаев, Чолпонбек Абыкеев, Карганбек Самаков жана Каныбек Осмоналиев катышууда.
Бишкектеги "Сүмөлөк" фестивалы-2 (20-март, 2017)
Бишкектеги "Сүмөлөк" фестивалы - 1 (20-март, 2017)
Бишкектеги "Сүмөлөк" фестивалы (20.03.2017)
Бишкекте 40 кой союлуп, 40 казан сүмөлөк кайнатылууда



алып келсин.Оомийин!