super.kg logo

Жапаровдун тарапташтары: "Биз маалымат күтүп жатабыз. Аялын киргизүү кооптуубу?"

 

Бүгүн, 2-апрелде саат 7:00 чамасында Бишкектеги №1-тергөө абагындагы Садыр Жапаров №47-колониянын ооруканасына жеткирилген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, анын абалы жакшы.

Учурда анын тарапташтары жана туугандары аталган оорукананын алдына чогулушту.

Анын жубайы Айгүл Асанбаеванын айтымында, аны Садыр Жапаровго жолуктурбай жатышат.

"Акыйкатчынын айтымында анын кан басымы 90-60 экен, бул аябай төмөн. Мен анын жаракаты канча экенин билбейм, мени киргизбей жатышат. Апабыз 85те. Кары кишилерге оор экен. Азыр ооруканада. Жактоочу аркылуу сүйлөшүп, тергөөчүнүн уруксаты менен жолугуу мүмкүн экен. Бирок тергөөчү менен байланыша алган жокмун", - деди жубайы.

"Эң негизгиси балдарымдын атасын көрүшүм керек. Уулум Рустамды жакшы деп эле отургузуп коюшту. Бирок мен ишенбей калдым. Же мен кире албайм. Укук коргоочу кирип чыкты, абалы жакшы дейт. Менин күйөөм тууралуу маалыматым болгону ушул. Кичүү балам сабалып, 5 күн ооруканага жатып чыкты. Анын абалы начар, психикалык жактан жабыркап калды. Региондордон чалып, чыгалы деп жатышат. Мен кайраттуу болуп, токтотуп жатам. Жаракатын тигишиптир", - деп кошумчалады Айгүл Асанбаева.

Ал эми чогулгандар Садыр Жапаров тууралуу маалымат берүүнү суранып жатышканын билдиришти:

"Эмне үчүн аялын, туугандарын киргизүүгө болбойт, кооптуубу? Биз талап кылган жокпуз, биз суранып жатабыз. Эмнеге биздин укуктар тебеленип жатканда, акыйкатчы, депутаттар биздин арабызга кошулбайт? Ушундай маалда биз менен болбогондо, качан болушат? Садыр Жапаров "элим менен жолугуп алайын" дегенде, эмнеге жолуктурбай коюшту? Ага да, макул болдук. Эми бул жерден да аялын жолуктурбай жатышат. Мындан ары да Садыр Жапаровдун ден соолугуна коркунуч болбойт, башынан чач түшпөйт деп кепилдик берилсе, тарап кетет элек".

Чыңгыз Капаров аттуу Садыр Жапаровдун тарапташы: "Бийликтин ээси - эл" деп айтылат мыйзамда. Жапаровго акыйкатчынын өкүлү, жактоочу кириши керек болчу. Саясатчылар УКМКга камалышы керек болчу. Убактылуу кармоочу жайга алып келбеши керек болчу. Дем алыш күнү болсо да, Кубат Оторбаев келиши керек болчу".






Жапаровдун жубайы: "Садыр өзүн кести дейт, андай эмес..."

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов

Садыр Жапаровдун абалы оорбу?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(59)
02.04.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
С Жапаров бийлике келсе Кыргызстан онолот деген умут пайда болду эле.... журогум ооруп чыкты. Ушуну кылгандарды Алла жазаласын
02.04.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
BekAmir,Umutun ochtubu ? Ozuno kol salgan adam turbayby dep
02.04.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
"Ханды Кудай ураарда оз элине кас болот" деген абдан туура айтылган соз экен. Ушунча элдин нааразы экенин билип туруп эмнеге АША ХХХ кетип калбайт озу эле. Мооноту бутконго чейин менин журогум чыдабайт окшойт. Ойлонуп отуруп оорукчан болобуз го бул башы иштебеген АШАны.Кудай бизге сабыр бере кор ушул биздин баш душманыбыз бийликтен кеткенге чейин.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-03 09:17:07
02.04.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
hubabubba, Атамбаев озуно ото эле ишенип жатат окшойт, эл бир которулуп толкусун эле, ошондо коромун Сегизбаевди, Атамбаевди коргогон милиция, солдат, милицияларды, Атамбаевдин озун!!! 7 жыл илгери кан менен бийликке келген Атамбаев дагы кан тогулушун каалап турат окшойт. Кан тогулсо тогулоор, бирок озунун да каны тонулоорун ойлонсун, жон кутулуп кетпейт!!!!!
03.04.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
revolyutsiya1, ой ой акырын акырын корктук корктук бир жининизди мага бериңиз
02.04.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Садыр жапаров бийликке келбей эле койсун. Келген кезинде нени жыргатты эле? Бир кезде оз элин алдады эле. Эми эмне кутсо болот мындан? Айылында жапаровдордон башка эч колдобойт муну. Не деген байлыгыбызды менчиктештирди бул ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-02 18:42:02
02.04.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
turmus, сен атамбайдын тууганы окшойсун. Ишенгенин кетээрине аз калды буйруса.
02.04.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
turmus,Озунун айылы эмес кыргызстандын копчулук эли колдоочудайго мисалы менда коршы эмесмин озум оштон болом Садыр Жапаровко Аллах куч кубат берсин
02.04.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
maksaim,менда тааныбайм бирок элге куйгону учун колдойм. Баары эле колдойт Ин Ша Аллах!
02.04.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
turmus,азыркы бийлик не кылды анда а?
03.04.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
turmus, этика нормаларын сактаңыз!
02.04.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш кылгандарды камабай,эл менен бирге курошкондорду камады э. Азыркы бийлик эл мененда курошкулору келип калган окшойт. Кудай тапшыралы Аллах кубо. Бирок Текебаев экоонуда оорукчан кылат,башкаларды камаса жалган эле оорутуп чыгарчуу эле бул чындап уруп даарылардан ичирип жинди кылдырып чыгаратда. Бул кишини эл катары тааныйм бирок уй булосун ойлоп алардын кыйналганын ойлоп ичим атышып жатат. Мейли жакындары сабыр кылыныздар Аллахка ишенели!
02.04.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келгиле туугандарым дуа кылалык. Алла жардам берет. Ушуну кылган бийлике манчыркаган немелерге Алла оз жазасын берсин. Аминь. Садыр Жапаров Кыргыз эли сиз мн.
02.04.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
anyshka,Аммиинь ансыз да Алладан тилеп жатам мен.
02.04.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ой элди колдонбогулачы пикириңерге..."ЭЛ"сөзүн кор кылдыңар(((жактоочу көпчүлүк,колдоочу деп жазгылачы алдыңарга кетейиндер...тарпы чыкты бул сөздүн...
02.04.2017. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
aydinnur ++++ туура!
02.04.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев жестко болосун жакында.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: