super.kg logo

Эки баласын тарттырып жиберген эне президентке кайрылууда

 
Бегимай Казакова

Эки баласын тарттырып жиберген Бегимай Казакова президентке кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда кыздарын кайтарууга жардам сурады. Кыздарынын улуусу Асель Байматова 2 жашта, кичүүсү Зейнеп Байматова 1 жашта.

Маалыматка ылайык, Бегимай Казакова 2013-жылы өзүнөн 9 жаш улуу Байыш Байматов аттуу жаранга турмушка чыгып, 2014-жылы көз жарган. Күйөөсү менен никеге расмий түрдө каттоого турган эмес, бирок кыздарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктө атасы катары Байматов көрсөтүлгөн. Зейнеп 6 айга толгондо, атасы башка турмуш куруп кеткен. Буга чейин да үйлөнүп, бир уулу бар болгон.

Коомдук ишмер Роза Маманованын айтымында, кыздардын атасы Бегимай Казаковадан "же кыздардан, же алименттен баш тартасың" деп, кыздарды алып кетип, ушул күнгө чейин энеси менен жолуктурбай келет. Учурда ал жаран "Кумтөр" ишканасында иштейт. Кыздарын да ошол жакта кармап жатканы айтылды.

"Улуу кызымды 1-февралда алдап үйдөн алып кеткен. Кичүү кызымды бала бакчадан алып кеткен. Кайрылбаган жерим калган жок. Байыш смс-билдирүү менен гана байланышка чыгат", - дейт Б. Казакова.

Ошондой эле маалымат жыйында Б.Казакова кордук көргөнү айтылды. Ал эми жактоочу Эмильбек Исеналиев Ленин райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери кыздар жакшы шартта багылып, жанында энеси бар экенин айтышканын билдирди.

"Кайсы энеси? Энеси бул жакта" десек, "эң башкысы кыздар аман-эсен, абалдары жакшы, калганы бизге тиешелүү эмес" дешти. Мен алардын жумушу менен канааттанган жокмун", - деди жактоочу.






Эки баласын тарттырып жиберген эненин кайрылуусу

Оператор: Максат Орозумбетов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.04.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кыздарынды таштап ХХХ жеп журосунбу андай эле жаман болсо атасы эмнеге турмушка чыктын эле акчасына кызыгып бир балалуу адамга чыккан озун куноолусунда.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-04 13:33:48
04.04.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Makain,жакшылап окуп чыгып анан жазчы
05.04.2017. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makain,бир баласы мен ХХХ жегени уйлонобу??? Азыр учунчуго уйлонуптур.баланы энеден ажыратып эки дуйнодо жыргабайт!!! Азыр эркектердин кунаары кеткен эненин атанын тарбиясын албаган да ошого бир катынды эптебей албаганда катындары кетип учунчу тортунчу катын алып журушот. Ар бир аялга жооп берет. Ошону билип алсын. Аялдын коз жашы жыргатпайт.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-05 09:33:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: