"Сапат-центрдин" жанына чогулгандар тарап кетишти
16:23. "Сапат-центр" бизнес-борборунун жанына чогулгандар тарап кетишти. Учурда 20га чукул адам калды. Нариман Түлеев SUPER.KG порталына "Сапат-центрди" курчоого алуу саясий буйрук менен аткарылып жатканын айтып, сотторго ишенбестигин билдирди. Ал эл аралык уюмдарга арызданарын баса белгиледи.
15:20. "Сапат-центр" бизнес-борбору курчоого алынып, ижарага кеңсе алгандар ичине кире албай жатышат.
13:30. "Сапат-центрден" ижарага кеңсе алган жарандарга пицца таратылууда. Имарат курчоого алынгандыктан, алар эртеден бери жумушка кире албай жатышат.
13:08. "Сапат-центрде" ижарага кеңсе алган жарандар акыйкатчы Кубат Оторбаевге кат жазып, кол топтошууда. Катта алар укуктук жардам сурашууда.
12:59. "Сапат-центрдин" жанына чогулгандар үчүн иче турган суу таратылды.
12:45. "Сапат-центрдин" жанына экс-акыйкатчы Турсунбек Акун келди. Ал милиция кызматкерлеринен сот аткаруучуларды сыртка чыгып, ижара алуучуларга маалымат берүүнү суранды.
Ижарага кеңсе алган жарандар: "Бул жакка бир да мөөрү жок, колго жазылган, жооптуу адамдын колу жок кагазды чаптап коюшту. Ага "24-апрелде келгиле, колуңарда бул имараттан ижарага кеңсе алган келишимиңер болсун" деп жазыптыр. Ким ижара келишими сыяктуу документтерин үйүнө алып кетмек эле? Андай иш-кагаздын баары бул жакта сакталган. Дүйшөмбү күнү келишими жок киргизбей коюшат да, дагы. Иш күнүбүз бекер өтүп жатат. Жумушубуздун баары калды. Отчётторду тапшыруу керек".
12:40. Курчоого алынган "Сапат-центрге" кирип чыккан Назгүл Түлеева (Нариман Түлеевдин кызы) имараттын ичинде эмне болуп жатканын айтып берди. "Имараттын ар бир кабатында формачан жана формасы жок 30 адамдан турат. Алар өздөрүн жеке үйүндөй сезишип, түкүрүп жүрүшөт. Мен иш бөлмөмө кирип документтеримди алайын десем, алар "сени менен чогуу киребиз" дешти. Мен баш тарттым", - деди Түлеева.
12:30. "Сапат-центрдин" жанына чогулган адамдардын саны азайды. Башында алардын саны 300гө жакын болсо, азыр 100гө чукул адам чогулуп турат.
12:00. "Сапат-центрдеги" медициналык борборго бейтаптар имарат курчоого алынганына карабай кантип кирип жатканы белгилүү болду. Аталган борбордо иштеген дарыгердин түшүндүргөнү боюнча, милицияга бейтаптардын тизмеси берилген. "Бул жерден бейтаптар гемодиализ алышат. Эгер алышпаса, өлүп калышы мүмкүн", - деди дарыгер.
11:36. "Сапат-центрдин" имаратынын кире беришиндеги эшикке колго жазылган жарыя илинди. Анда эч кандай мөөр басылган эмес жана жооптуу адамдын колу жок. Жарыяда төмөнкүдөй текст жазылган: "Урматтуу ижара алуучулар! 24-апрелде саат 09:00дө ижара тууралуу келишимди жана паспортуңарды алып келүүңөрдү суранабыз. Мүлкүңөрдү кабыл алып өткөрүп берүү иштери жүргүзүлөт".
11:27. Нариман Түлеев: "Эгер "Сапат-центрдин" айланасындагы кырдаал өзгөрбөсө, биз ачкачылык жарыялайбыз".
11:05. Учурда имараттын ичинен кеңселерди ижарага алып ишмердүүлүк кылган ишкерлер милиция кызматкерлеринен ичкери киргизүүнү талап кылып жатышат. Бирок орган кызматкерлери киргизбей жатат. "Ичине кирүүгө уруксат бербей жатышат. Имаратты курчоого алып жатышканына ичиндеги ижарада отургандардын кандай тиешеси бар? Биз акчасын төлөп, бул жакта кеңсе алып иштейбиз. Мүлктөрүбүзгө эч ким тийген жок деген кепилдик барбы? Эмеректерибизди, техника жана керектүү документтерибизди, иш-кагаздарыбызды алып чыгып кетүүгө уруксат берилиши керек да. Биз өлкөгө салык төлөөчүлөрбүз. Укугубуз бузулуп жатат", - деди сыртта тургандардын бири.
Мындан сырткары имараттын ичинде ишкерлик кылган жарандар бир ооздон укук коргоо кызматкерлеринен тийиштүү кагаздарды суроодо. Эч кимиси имаратты курчоого жана тинтүүгө ала турган документти көрсөтүшкөн жок. Ал эми имараттын ээси Нариман Түлеевге буйруктун көчүрмөсүн көрсөтүшкөн. Түлеевдин айтымында, ал кагазда дата, тинтүүгө ала турган мөөнөт жок жана кагаздын да түп нускасы жок.
11:00. "Сапат-центрде" ижарада тургандар аларды милиция киргизбей жатканына нааразычылык билдиришүүдө. "Каржы полициясы саат 05:00дө имаратка киришкен. Биз саат 8:00дөн бери турабыз, ичине киргизбей жатышат. Эч ким чыгып расмий документ көрсөткөн жок", - дешти ижарада тургандар.
10:30. Каржы полициясынын өкүлү: "Сапат-центрдин" имараты улутташтырылган, ал Нариман Түлеевге эмес, мамлекетке таандык. Соттун тиешелүү чечими бар".
10:00. Нариман Түлеев: "Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттон эч кандай кагаз алып келбей, имаратты курчоого алды. Эч кимди киргизбей жатышат. Эгер соттун чечимин көрсөтүшсө, биз эч кандай тоскоолдук кылбайбыз".
Мындан тышкары ал аягына чейин турарын баса белгиледи. "Эртели-кеч мындай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандар жазага тартылышат. Баары өз ордуна келип калат", - деди Түлеев.
09:10. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда "Сапат-центрдин" имаратынын жанында 200гө чукул милиция кызматкери турат.
09:00. Н.Түлеевдин кызы Назгүл Түлееванын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мажбурлап көчүрүүгө аракеттенүүдө. "Бүгүн эртең менен саат 06:00дө имаратты курчоого алышты. Андан кийин ичине кирип кетишти, эмне кылып жатышканын айтышкан жок. Имараттын ичинде бир гана биздин үй-бүлөбүздүн эмес, ижарада отургандардын да мүлктөрү бар", - деп нааразычылыгын айтты Түлеева.
Бишкектин экс-мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге таандык делген "Сапат-центрдин" имараты курчоого алынды.
кошулду
Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр бизнес борбору курчоого алынды
Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр курчоодо 3
Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр курчоодо 2
Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр курчоодо
Сапат-центрде иштегендер документтери үчүн кабатырланышууда

Жанымдагылар жаны эле сатып алгандары болгон,ошолордун акыбалына мына эми озуно кезек келип атат акырындап.
Бирок калыс созум бийликтин бул кылганы туура эмес.
Бироонун уйуно уруксатсыз бастырып кируу десе болот.
Бирок Нариманда убагында ушундайларды жасаганда.
Же ашакенин бузуку планыбы
Экинчиден минтип соода борборлорун саясатка байлап карапайым элдин жашоо-тиричилигине да бут тосууда элди иш менен камсыз кылгандын ордуна.
Элибиз жумушсуздуктун айынан копчулугу базарга чыгып соода кылып жан багып жатышат.