super.kg logo

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү 141 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырууда (тизме)

 

Бүгүн, 12-июлда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданият жана интеллектуалдык тармактарын өнүктүрүүгө салым кошкон 141 кишиге мамлекеттик сыйлык тапшырат. Аземге 133 киши келди. Алар II, III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" медалы, Эмгек сиңирген ишмер, мугалим, дарыгер жана башка мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушат.

Президент бүгүнкү сыйлык ала тургандардын басымдуу бөлүгү мугалимдер экенин белгиледи.

"Акыркы жылдары мугалимдердин айлык маянасы 4 эсеге өстү. Биздин мамлекеттик бюджеттин 24 пайызы билим берүүгө жумшалат. Дүйнө боюнча мындай жок. Менин президенттик мөөнөтүм бүтөрүнө аз калды. 3 айдан кийин кетем. Бирок менин мугалимдерге жакшылык кылып кетсем деген жакшы тилегим бар эле. 2-классымда үйгө келсем апам менен биринчи мугалимим чай ичип отурган экен, ошондо мугалим кадимкидей эле адам турбайбы дегем. Ошондуктан бүгүн ушул эл агартуучулардын сыйлык алып жатканына кубанычтамын", - деди президент.

Бир катар маданият кызматкерлерине "КРнын Эл сүрөтчүсү", "КРнын Эл артисти", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдары берилди.

Геральдика боюнча адис Вячеслав Копотоевге "Кыргыз Эл сүрөтчүсү" наамы ыйгарылды.

"Кыргыз Эл артисти" наамын алгандар:

- Келдибек Ниязов — Кыргыз улуттук филармониясынын артисти;

- Давлетбек Нургазиев — Ысык-Көлдөгү К.Жантөшев атындагы театрдын артисти;

- Алтынбек Сапаралиев — ырчы;

- Зейнеп Шакеева — Эл аспаптар оркестринин солист-вокалисти.

"Маданиятка Эмгек сиңирген ишмер" наамын алгандар:

- Дилбар Ашимбаева — "Dilbar" мода үйүнүн арт-директору;

- Владимир Гуцалов — Панфилов районундагы балдар өнөр мектебинин директору;

- Бактыбек Кыдыкбаев — Улуттук кансерваториядагы үйлөмө жана урма аспаптар кафедрасынын башчысы;

- Набижан Мамажанов — Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек драма театрынын директору.






Президенттин колунан 141 киши мамлекеттик сыйлык алды

Автор: Улукбек Кутманбаев
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
12.07.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми шайлоого чейин кобун сыйлайт
12.07.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кубик Калыковду да эске алып койсонор болмок
Медиа-портал
14.07.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлык Мерген Турганга жетпей калды го... Абдылда менен Рахман бийликти сындап жатса кайдан бермек эле)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: