super.kg logo

ИИМ: "Тогуз-Тородо алтын комбинаттын өрттөлүшү боюнча иликтөө башталды"

 

Тогуз-Тородо алтын комбинаттын өрттөлүшү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 11-апрелде мекемелер аралык комиссия "Джи Эл Макмал Девелопинг" алтын ылгоочу комбинатынын иши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Аларга жолугуу үчүн келген миңге чукул адамдар таш ыргытышып башташкан. Бирок милиция кызматкерлери комиссиянын мүчөлөрүн коопсуз жайга алып чыгып кетишкен. Кийин эл алтын ылгоочу комбинатынын аймагына кирип талкалап, өрттөп башташкан. Ал жерге өрт өчүрүү кызматы чакырылып, бирок комбинатты өрттөгөн эл жолду тосуп салганына байланыштуу өтө алышкан эмес. Бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери башталды, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Учурда коомдук тартипти калыбына келтирүү аракеттери жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Буга чейин күбө Тогуз-Тородо митингге чыккан миңден ашуун адам алтын ылгоочу комбинатты өрттөп жибергенин кабарлаган болчу.






Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтын комбинатты өрттөп салышты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
11.04.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура кылдынар кыйтайлар иштетпегенде деле кунубуз отуп келген .иштетип кыйратпай эле койсун. Биз балдарыбыздын кеоечегин ойлошубуз керек
11.04.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдерге тушундуруу иштерин жургузуш керек болчу ушул жагдайга жеткирбей анан жанакы элдер деле кичине ойлонуп алар оздорун ойлоп ошол кадамга барды болуш керек сырттан келген компаниялар чочулап деле калса керек ушул жагдайдан кийин бирок жанакы орт койгон адамды ото каттуу жазалаш керек
11.04.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртенден баштап кыргыз жергесине бир да инвесторлор кирбейт. Отура берели асманды карап кудайды тиктеп, алма быш оозума туш болуп, кудай оозума нан ыргытып койчу деп. Итак кыргыздар 20 жыл ичинде ар кайсы молдолордун кооз жомокторуна ишене берип кудайчыл болуп бутуптурбуз.
11.04.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кылмыш ишин козгогула камагыла.Каршы чыккан элди чындыкты суйлогон чонду эл учун иштеген инсанды мин сом жеген паракорду камагыла.А калп суйлогон жерин сатканга макул болгон эл учун иштебеген миллион доллар жегендер эркиндикте журушсун.Ар бир нерсе жооп берчу кун келет.Бул кетиште Кыргызстанда эч нерсе калбайт окшойт алтыны комуру суусу жери деле сатылып жатса
Mamiev түзөттү 2018-04-11 17:29:53
12.04.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыңар тогуз торолук туугандар силерден үлгү алыш кк
SUPER.KG видео
12.04.2018. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ЭЛге бир тыйын пайдасы жокк хххххххх,
12.04.2018. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл байкуш мекенин ойлоп аргасыздыктан кылды. Антбесе алтын кендер коз коруноо сатылып пайдасы элге мамлекетке тийбей атат.
SUPER.KG видео
12.04.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура кылыпсынар мен ушундайларды беш колдоп колдойм ушундай кылбаса окмот элдин унун такыр укпайт
SUPER.KG видео
12.04.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул биринчи жолу Тогуз-Торолуктар кайрылган жок, алар бул мезгиле чейин да айттып келишкен бизге кереги жоок деп.Жергиликтуу эл менен иштешуу. тушундуруу иштерин ошол айыл окмот,иим, акимдер бул чыр-чатакка жеткирбоо керек болчу.Экологияга, биздин ден-соолугубузга зыяны жогору деп жергиликтуу эл канчалык каршы болуп жатат. Укпасанар мынакей деп акырында ортошуп салышыпыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: