super.kg logo

Бишкекте 9-Майга карата эскерүү иш-чарасы өтүүдө (фото)

 

Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы башталды. Анда өлкө жетекчилиги, согуштун ардагерлери, шаар тургундары катышып жатат. Учурда Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү өтүүдө.

Иш-чарада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев, Бишкек мэри Албек Ибраимов Өчпөс отко гүлчамбар коюшмакчы. Мындан тышкары президент куттуктоо сөзүн айтып, ардагерлер менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой, азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 475 катышуучусу жашайт. Алардын ичинен 128и ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам, 299у согуштун катышуучусу, 23ү жашы жете элек мезгилде концлагерлерде кармалганы болсо, 25и Ленинград шаарында блокадада болгондор.

Ардагерлер жыл сайын 9-Май Жеңиш күнүн белгилөөнүн алкагында 15 миң сом өлчөмүндөгү акчалай төлөм алышат. Ал эми каза болгон ардагерлердин жубайларына, тылда эмгектенгендерге 10 миң сом өлчөмүндөгү акча төлөнөт.






Көзүнө жаш алган ардагер: "Элдин биримдиги, ынтымагы бүгүнкү күндү алып келди"

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев, Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: