super.kg logo

Чиедей 5 баласын жалгыз баккан SUPER TV`нын каарманы Нургүл Бекиевага жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды

 

Ушул жылдын 25-февралында SUPER TV Бишкектин четиндеги Алтын-Казык жаңы конушунда таштанды терип 5 баласын жалгыз багып жаткан 31 жаштагы Нургүл Бекиеванын турмушун баяндаган.

Сюжет жарык көргөн соң Бекиеванын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар тынымсыз байланышка чыгып, жардам бергендердин саны арбыган. Айрымдары акчалай түрдө жардам берип жатса, айрымдары турмуш-тиричилигине керектүү буюмдардан тартып азык-түлүгүнө чейин алып келип берип, алардын саны азыркыга чейин суюла элек. Ошондой эле жардам бергендердин арасында "Алыш" федерациясынын вице-президенти, жеке ишкер Советбек Рустамбек уулу да Бекиеванын үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтүп, жер маселеси чечилсе үй салып бере турганын билдирген.

Айтылгандай эле берилген убадалар аткарылып, бүгүн, 28-майда Нургүл Бекиеванын үй-бүлөсүнө жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды. Сокулук районуна караштуу Токбай айылында жайгашкан үй 3 бөлмөдөн турат.

Жаңы конушка көчүп келген Нургүл айым анын жашоосуна кайдыгер карабай, алгачкылардан болуп коомчулукка жеткирип, акыбалын бир гана карапайым элге эмес, жогорку кызматтагыларга да жеткирген SUPER TV`га алкышын айтып, кубанычы менен тең бөлүштү.

"Абдан кубанып турам. Чынында мунун башында турган силерге чоң ыраазычылыгымды билдирем. Силер болбосоңор, балким, менин тагдырымда эч кандай өзгөрүү болбойт беле. Азыр балдар менен үйдөн чыга албайм. Андыктан үйдө эле тигүүчүлүк менен алектенейин деп ойлоп жатам", - деди ал.

Ал эми үй салууну демилгелеген Советбек Рустамбек уулунун айтымында, үйдү бүтүрүүгө жалпысынан 650 миң сом каражат кеткен.

Чиедей 5 баласын жалгыз баккан энеге жаңы үйдүн ачкычы тапшырылган видео жакында SUPER TV`га жарыяланат.






5 баланын энеси: "Таштанды чогултуп, балдарымды багам. Жолдошум - селсаяк"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган SUPER TV’нын каармандарына жер үлүштөрү убадаланды

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

Таштанды чогултуп, 5 баланы жалгыз баккан эне үйлүү болду

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
26.02.2019. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолук болсо баары табылат.эч кейибениз
SUPER.KG видео
26.02.2019. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге торошот дебегиле бул да жангыз жаныма жрдам болсун,эртеге чонойсо тирегим болсун десе керек.
Ыйлаба кызым ыйлаба сага да тан атаар.Ар бир тамчы жашындын акыбети кайтаар.Адал эмгегин менен баканындын акыбети кайтат кызым.Балдарын аман эсен бролсо бир куну хан сарайда балдарындын ханышасы болорсун кызым...
Жакын болгонунда жакындан жардам берер элем аттин...
Эл жардам берер деп умут кылам..
SUPER.KG видео
26.02.2019. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байланыш телефонун берип коёсуздарбы, сураныч
SUPER.KG видео
27.02.2019. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ананып кетейин коз жашын акпасын Сымбат кызым! Ылайым бактылуу балалыкта чонойгула кыйналбай! Иншааллах баары жакшы болот!
SUPER.KG видео
27.02.2019. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызынын жашы молт деп кетсе ичим эншерилди. Эми торобо дейсинер мумкун байкуштун спираль салдырганыда мумкунчулугу болбогондур. Алланын берген белегида. Аман эсен чоноюп алышса апасына жолок таяк болушат. Байланыш телефонун бергилечи. Паспортуда жок экен шорду келиндин. Тыйын тыпыр жонотолу десек.
SUPER.KG видео
27.02.2019. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алахым мееримдуу Баары жакшы болот Айдын 15 карангы 15 жарык келечекте балдары эсен аман чонойсо жакшы жашоо болот оомин алахым колдосун.
SUPER.KG видео
27.02.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматуу кыргыз элим эптеп паспортун алып бергилечи жок дегенде колубуздан келгенин которуп туралы.Ширин кызым ыйлаба сен бактылуу кыздардан бол садагам баары жакшы болот.
SUPER.KG видео
28.02.2019. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAHYM naristelerge akyl yiman den sooluk bersin bul kundor da otot kudai buirusa uwu nariseler chonoiup ebesinin ak emgegin aktagan uul kyzdardan boluw sun amiin
SUPER.KG видео
02.03.2019. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rahmat sizderge super tv
SUPER.KG видео
02.03.2019. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бүгүн маанайым жок ыйлагым келип жаткан. Бул эжени көрүп чынында сүйүндүм.Кубанганын коруп кайра-кайра кайталап кордум.Рахмат жалпы мээримдүү адамдарга
Nazik.n түзөттү 2019-03-02 04:04:47
SUPER.KG видео
02.03.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ким жардам берсе алла раазы болсун ушундай бее куноо наристелердин жыргалчылк жашоого себеп болгон Супер Тв каналы ишинерге ийгилик силер алып чыкпасанар биз билбейт болчук.жекке ишкерлер силер чыныгы потрёот сунар биз сыймыктанабыз
SUPER.KG видео
03.03.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызым онугуп атабыз, озубуздон ашырып жардам берип атабыз. Суйунуп атам
SUPER.KG видео
04.03.2019. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иштер болуп жатыптыр, бирок которгон телефону меникинен да крутой экен
SUPER.KG видео
05.03.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун чын журоктон кубанычтамын коруп конулум которулуп калды шакылдаган тын эже экен балдарын бутуна тургузуп кетет буйруса
28.05.2019. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай ишкерлер кобойо берсин,орозонун кунундо, алла таала мин эселеп кайтарсын,кыргызымдын балдары талаада калбасын,
29.05.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым уйунорду озунорго кут кылсын! Орозо кунундо эч чон иш кылыпсынар рахмат! Элден айланса болот, баарынардын кылган жакшылыгынарды Аллахым эки эселеп кайтарсын. Мен тааныбасам да бул келинге озумчо суйунуп отурам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: