super.kg logo

Ишкерлер: "Өлкөдөн бир адамдар тарабынан ири суммада акча чыгарылып кетти деген калп маалымат бизнеске терс таасирин берип жатат"

 

Бүгүн, 3-июнда "Дордой", "Кара-Суу", "Мадина" соода базарларынын өкүлдөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрүштү. Анда буга чейин өлкөдөн ири суммадагы акча чыгарылып кеткен деп жарыяланган маалыматтын алардын ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирине токтолушту.

Юрист Муса Бейшенов бүгүнкү маалымат жыйынга келгендер аталган базарларда иштеген миңдеген жарандардын кызыкчылыгы үчүн аракет кылып жатышканын айтты. Өткөн аптада "Азаттыкка" "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөө жарыяланган. Андан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакир Таиров аталган акчалар "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларындагы соодагерлердин товар алып келүү үчүн жиберген акчасы экендигин белгилеген.

"Интернетке, жалпыга маалымдоо каражаттарына өлкөдөн миллиондогон доллар акчалар чыгарылып кетти делген фейк, такталбаган малыматтар тарап кетти. Өлкөдө соода-сатык тармагында эмгектенген ишкерлер биргелешип Кытайга товар үчүн акча жөнөтүшөт. Ал жактан буюртманы алгандар товар салышат. Бул мыйзамга каршы келген иш эмес, алардын бул акчалары банк аркылуу которулуп турат. Бир жыл ичинде Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн суммасы миллиард долларга жетет, товарга жөнөтүлгөн акча менен өлкөдөн чыгарылган дегендин айырмасы бар да", - деген Бейшенов жогоруда аталган иликтөөнү так эмес деп, коомчулуктун башын айландырууда деген пикирин кошумчалады.

Ал мындай маалыматтар чакан жана орто бизнеске терс таасирин тийгизе турганын белгилеп, кытай ишкерлеринин ишеничи кетсе, өлкөдөгү миңдеген соодагерлер жумушсуз калат деген жүйөнү келтирди.

Буга көрсөтүүнүн автору макул эмес экенин билдирип, "фейк маалымат деген сөздү эмненин негизинде айтып жатасыңар" деген суроосун узатты. Ишкерлер так жооп бербегени менен иликтөөдө айтылган ишканага да, анда аты аталган Кытайга акча жөнөтүп турган делген адам Айэркен Саймаитиге да тиешебиз жок деп жооп беришти.

"Биздин "Абдыраз" ишканасына да, Саймаитиге да тиешебиз жок. Болгону мындай маалыматтар тарагандан кийин текшерүү, кысым күчөйт. Бул ишкерлердин аракетине тоскоолдук жаратат. Ошондуктан мындай маалыматтарды таратууда кылдат бололу деген ойдо гана маалымат жыйын өткөрүп жатабыз", - деген ишкерлер журналисттердин өлкөдөн чыгарылган делген акчалар тууралуу жана башка суроолоруна Саймаити өзү келип жооп берсин дешти.


кошулду





Ишкерлер: "Өлкөдөн ири суммада акча чыгарылды деген калп маалымат бизнеске терс таасирин берүүдө"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
03.06.2019. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Кыргызстан керекби бизнесби
03.06.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chungyz, бизнес - бул салык төлөөчү калктын катмары, ошол бизнес бар болгон үчүн казына топтолот, пенсия пособие дегендер төлөнөт
04.06.2019. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chungyz,өзүң түшүндүңбү жазганыңы?
03.06.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча которуу сыяктуу банк операциялары мыйзамдуу эле жүрөт да, эми өз оокатын өкмөттү карабай жүргүзгөн ишкерлерди жүдөтүп башташат. Иликтөө деп чуу көтөрөрдөн мурда элди карап койсоң болмок, Азаттык?!
03.06.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Силерге ошондой калп деп айткыла деп приказ берди да болбосо таможнядан силер алган товарынардын кириши кыйынга туруп калат текшерсин таза болсонор мынтип чуркап келбейт эленер бизнесмендер ушул кадамга
03.06.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jango, таап жаткан тамагыңа жөн жерден эле кол салып жатышса, сен да чуркап жетип келмексиң. Акаев Сурабалдиеваны базарчы дегендей болбойлу, туугандар. Кыргызстан Бажы союзуна киргенден бери ансыз деле зыян тартып жатат биздин чоң базарлар
03.06.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nurkabrat,кол салгыдай эмне барып тартып алып жатат бекен просто текшеришет таможный союздан беш мин бизнесменин зыян тартса росиияда иштеп жаткан милиондогон мекендешерге жакшы шарт тузулуп калды
03.06.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Oyboy biz karapayim el mankurtpuada echeteke tuwunboybuz. Sxemada achyk ele korsotulup turatko eldin bawyn nege aylantyp jatasynar. Iliktesin tekwersin bilinetko baary.
03.06.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Iwkerler silerdin da tiewener owol korupsiyaga achylyp kalbasyn dep korkup mitingke chygyp jatasynar. Taza bolsonor achyk koyup bergile tekwersin.
03.06.2019. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Комедия башталды!баары эле оз чонтокторун ойлошот. Олконун тагдыры, келечегине жоопкерсиздик бул-трагедия
03.06.2019. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ке койгулачы. Таза болсон деп 10 жолу таза болсон деле какшатат бирнерсени билип айтып атышат да . Уйдо интернетте акылдуу болуп бутту асып жаткандар тушунмок беле
03.06.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Раимдин макаласы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: