super.kg logo

Жубайына жардамдашып. Садыр Жапаров биринчи айым менен биргеликте добуш берди (сүрөттөр)

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Мамлекет башчысы жана биринчи айым Айгүл Жапарова Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш беришти.
Анда каттоодон өтүп, бюллетенди толтургандан кийин Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова бет кабын чечишип урнага барышты. Алгач өлкө лидери бюллетенди урнага салып, андан кийин жубайына жардам берди. Тагыраагы, Садыр Жапаров бюллетенди кайсы урнага кантип салууну көрсөттү.
Добуш берүү процесси аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш системада өтөт. Анда 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда.






Садыр Жапаров шайлоого добушун берди

Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: