super.kg logo

Жол кырсыктары Кыргызстанга жылына 372 миллион доллар чыгым алып келет

 

Жол-транспорт кырсыктары Кыргызстанга жыл сайын болжол менен 372 миллион доллар чыгым алып келет. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын жол коопсуздугу боюнча атайын өкүлү Жан Тодт БУУнун жаңылыктар кызматына берген маегинде билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, өлкөдө жол кырсыгынан каза болгондордун 40 пайызы - жөө жүргүнчүлөр, ал эми жабыркагандардын дээрлик 22 пайызы - 18 жашка чейинки балдар.

"Кыргызстанда өзгөрүүлөргө жетишүүгө олуттуу даярдыкты көрдүм", - деген Жан Тодт.

Ал жол коопсуздугун жакшыртуу үчүн ылдамдыкты көзөмөлдөө, коопсуздук курун тагынуу, туулга колдонуу жана мас абалда унаа башкарууга каршы чараларды күчөтүү зарыл экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: