Кыргыз калысы Малайзияда АФКнын элиталык семинарына катышты
Кыргызстандан ФИФАнын жардамчы калысы Рамина Цой Малайзияда өткөн АФКнын элиталык калыстар семинарына катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.
20-24-июль күндөрү Куала-Лумпурда өткөн семинарга Азия футбол конфедерациясына мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы аял-кыздар калыстары жана жардамчы калыстары чогулду.
Беш күндүк окууда калыстар 2026/27-сезондогу Оюндун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү, айып аянтчасындагы талаштуу учурларды, топтун колго тийишин жана тактикалык эреже бузууларды талкуулашты. Ошондой эле алар практикалык машыгуулардан өтүп, дене даярдыгы боюнча тест тапшырышты.
Семинар Рамина Цойго эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасын өркүндөтүп, ФИФА жана АФКнын талаптарына ылайык даярдыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















