super.kg logo

Быйылкы жаңы окуу жылында кандай өзгөрүүлөр болот?

 

Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылына карата базистик окуу пландарын бекитти. Анда окуучулардын каникулдары, окуу предметтери, окуу пландарына кошулган жаңы өзгөрүүлөр камтылган. Алардын негизгилерин тизмектеп беребиз.

Сабактар 15-сентябрда башталмай болду

Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктайт. Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (31-августтан 6-сентябрга чейин) жана ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитинин (31-август - 1-сентябрь) жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын (11-12-сентябрда) өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынды.

Мындан улам мектептердеги башталгыч класстар үчүн салттуу 5 күндүк окуу режими сакталат. Ал эми жогорку класстарга гана окуу жылынын ичинде кошумча 8 окуу ишембиси уюштурулат. Болжол менен айына бир гана жолу ишемби күнү сабак өтүлөт.
Окуу жыл ичинде кайсы ишемби күнү окуу болорун мугалимдердин, ата-энелердин сунушун эске алуу менен уюштурулат.
Бул окуу жылында да 12 жылдык билим берүү моделине өтүү улантылат. Анын алкагында 1-, 2-, 3-, 5-, 7- жана 8-класстардын окуучулары жаңы окуу программалары жана окуу китептери менен билим алышат.

Кесипке багыт берүү максатында 8-класстарда жумасына 2 сааттан 14 профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет.

1-3-класстарга баа коюлбайт

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга салттуу баалар коюлбайт. Алардын билим жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык баалоо ыкмасы аркылуу аныкталат.

Ал эми 4-класстан тарта окуучулардын билимин баалоодо белгилерди коюу системи колдонулат.

Бул ыкма башталгыч класстын окуучуларынын мектепке жана окуу процессине жеңил көнүшүнө шарт түзүп, алардын жетишкендиктерин кеңири баалоого мүмкүндүк берет.

Окуучулардын каникулдары

  • Күзгү каникул – 2026-жылдын 11–15-ноябрына чейин болот (сабактар 16-ноябрда башталат);
  • Кышкы каникул – 2027-жылдын 1–10-январы (сабактар 11-январда уланат);
  • Жазгы каникул – 2027-жылдын 3–8-марты (сабактар 9-мартта башталат);
  • Май майрамдарындагы эс алуу – 2027-жылдын 1–9-майы (сабактар 10-майда уланат).

Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникул дагы эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага узартылат.

Кошумча каникулдардын так мөөнөтүн аймактардын климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарын эске алуу менен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аныктайт.

Мектептерде шахмат ийримдери ачылат

2026-2027-окуу жылынан тартып Агартуу министрлиги бекиткен тизмеге кирген өлкөдөгү 500 жалпы билим берүү мекемесинин 3 жана 5-класстары үчүн шахмат боюнча ийримдер уюштурулат.

Министрликтин маалыматына ылайык, шахмат ийриминин апробациялык программасы жана аны ишке ашыруу тартиби мекеменин расмий сайтына жайгаштырылат.

Долбоор окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, аналитикалык жөндөмүн жана стратегиялык ойлоосун өнүктүрүүгө багытталган.

25 миңден ашык мугалим окутуудан өтүшөт

Жаңы окуу жылы башталганга чейин 25 миңден ашык мугалим квалификациясын жогорулатуу курсунан өтөт. Окутуу башталгыч класстардын (1-3-класстар) мугалимдери, ошондой эле 5, 7 жана 8-класстарда математика жана табигый илимдерди окуткан педагогдор үчүн уюштурулат.

Курстар жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуу программаларына жана жаңы окуу-методикалык комплекстерге ылайык өткөрүлөт. Бул иштер мектептерде 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу жүргүзүлүүдө.

Алгач окутууну өткөрө турган 455 тренер-методист даярдалат. Алар Бишкек жана Ош шаарларында атайын окуудан өтүп, кийин өз аймактарында мугалимдерге сабак беришет.

4–7-август күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тренер-методисттери үчүн, ал эми 10–13-августта Бишкек шаары жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын өкүлдөрү үчүн окуу курстары өтөт.

Окутууга Республикалык педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» басма үйүнүн өкүлдөрү тартылат.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: