super.kg logo

Ошто банк карталарын мыйзамсыз сатууга шектелген чет өлкөлүктөр кармалышты (видео)

 

Ош шаарында банк карталарын мыйзамсыз сатып алуу жана сатуу менен алектенген сегиз чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда шаардык ммилиция билдирди.

Маалыматка ылайык, алар жарандардан банк карталарын жана аларга тиешелүү кирүү маалыматтарын сатып алып жүргөнү аныкталды.

"Тергөөдө бул карталар онлайн-казинолордон жана мыйзамсыз оюн платформаларынан түшкөн акчаларды кабыл алуу, башка жакка которуу жана накталай акчага айландыруу үчүн колдонулган. Ошондой эле, карталар Telegram каналдары аркылуу кылмыштуу иштерге тиешеси бар адамдарга кайра сатылган. Учурда кармалгандардын аракеттеринде алдамчылык схемасын түзүү жана кылмыштуу жол менен алынган акчаларды адалдоо белгилери каралууда",- деп белгиледи мекеме.






коңшу өлкөнүн кармалган шектүү жарандары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: