Бөкөнбаев айылында дрифт жасаган айдоочу кармалды (видео)
Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөлөрүндө дрифт жасап, автоээнбаштык кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда облустук ЖКККБ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 19-ноябрга караган түнү саат 02:40 чамасында болгон. Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бир нече жолу атайылап дрифт жасап, унаасын чимирилте айдаган.
"Бул көрүнүш онлайн видеокөзөмөл аркылуу аныкталды. Маалымат Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө берилип, айдоочу кармалды. Текшерүү учурунда рулда 2002-жылы туулган жергиликтүү Э.А. аттуу тургун болгону белгилүү болду. Ага карата 189-берене боюнча протокол түзүлүп, 15 миң сом айып пул салынды, ошондой эле унаа айып короосуна жеткирилди",- деп кошумчалады мекеме.
Чимирилем деп коопсуз шаар камерасына түшкөн айдоочу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















