Бишкекте айдоочу өзү башкарган автобустун алдында калып каза болду
Кечээ, 19-ноябрда Бишкек шаарындагы Интергельпо жана Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде №2 автобустун айдоочусу өз унаасынын астында калып каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык саат 15:00 чамасында №57 мектептин жанында болду.
1972-жылы туулган айдоочу Х.Ы. каттамын аяктап, "Анкай" үлгүсүндөгү коомдук транспорттон түшкөн учурда унаа ордунан жылган. Аны токтотууга аракет кылып жатканда жыгылып, дөңгөлөктүн астында калганы айтылды.
Автобус андан ары жылып, алдыда турган Toyota жана Mazda унааларын сүздү. Айдоочу "Тез жардам" унаасы менен ооруканага бара жатып каза болду. Учурда коомдук транспорт токтотуу режимине коюлганбы же жокпу, такталып жатканы маалыматта кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















