|
Ким, кимдерди сагынат?
Ким, кимдерден айрылат?
Ким, кимдердин багына?
Кантип жүрүп кагылат?
Кантип сезим жаралап?
Жан дүйнөңө таралат.
Ай- күн жүзүн кубалап,
Таң эмнеден тазарат.
Кайырма:
Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңсе да,
Чуркаган эмес буюрган ала кетсе да.
Жүрөгүмдө жашайсың сен тунук сүйүүң менен,
Үзүлбөс үмүт менен.
Эсиңдедир жан эркем?
Сырдашкан түн таң менен.
Же унутуп калдыңбы?
Биз ойногон гүлзарды,
Же кайтарып алдыңбы?
Мага айткан сырларды.
Кайырма:
Ойлорумда басамын биз бараткан жолдорду,
Ашуулады , тоолорду.
Биз экөөбүз эңсеген ак-мөңгүлүү зоолорду,
Бак бар дечи арманым.
Бар маңдайга жаганым,
Бак бар дечи а бирок жок сүйүүдө жалганым.
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Гүл бакчаны аралап,
Экөөбүз бирге жүрөбүз.
Көз артышат бизди карап,
Баарысы, жашы-карысы.
Көз тийдиби, суук көздөр,
Билбедим, көздөр тийдиби?
Биздин сүйүү муздап барат,
Барган сайын муз болуп барат.
Кайырма:
Сен мени алдадың,
Алдадың, дагы-дагы алдадың.
Мен байкуш алдандым,
Алдандым, дагы-дагы алдандым.
Сен мага сүйөмүн,
Сүйөмүн деген сөздөрүң кайда?
Мен болсо, ишенип,
Ишенип жүрүпмүн кайра-кайра.
Деген сөздөрүң кайда?
Ишенбеймин эми сага, сага.
Менин болгон сүйүүмдү,
Өчүрдүң болгон сүйүүмдү.
Ишеничим түгөндү сага болгон,
Алда түгөндү...
Эми жалгыз кетсемби,
Жер жүзүнө тентип кетсемби?
Же болбосо, бул Ааламды,
Колум шилтеп, таштап кетсемби?
Кайырма:
Сулуунун сулуусусуң, Ысык-Көлүм,
Улуунун улуусусуң, ыйык көлүм.
Кыйланы суктандырып, таң калтырган,
Кыргыздын берметисиң,
Жалгыз өзүң Ысык-Көлүм.
Шарпылдап толкундарың бетке уруп,
Шашылат көбүктөрүң кумда уюп.
Шаштысы кетип жатты сенин жээгиң,
Шарпылдап бир булганып, кайра тунуп.
Жарашат ак чардагың, ак кууларың,
Жээгинде, тоо үстүндө ак карларың.
Жарашкан кыз-жигиттер сени бойлоп,
Жакаңда шынаарлашып жаш балдарың,
Келемин, Ысык-Көлүм, кайра сага.
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Ачылган кызыл көп гүлдөр,
Суктантат көргөн ал түрлөр.
Көрүнөт бир гүл башкача,
Көргөндөр гүлдөн бир сүрдөөр.
Кайырма:
Бакытка толгон гүл мына,
Бакытым сенсиң, Чынара.
Сүйүүгө толгон гүл мына,
Ошол гүл сенсиң, Чынара.
Ал гүлдө сүйүү ыры бар,
Ал гүлдө кыздын үнү бар.
Таажысын жайып туш-тушка,
Ал гүлдө менин сүйүүм бар.
Кайырма.
Ал гүлгө бардым жанашып,
Саламга келдим мен шашып.
Сездирдим сүйүү белгисин,
Ал дагы келди жанашып.
Кайырма:
Ичирдим, кийгиздим кастарлап,
Окуттум, окудуң ардактап.
Үйлөнттүм, үйлөндүң, эми, уулум,
Билип кой, өзүңдү өзүң бак.
Ойлорум жалгыз сен жөнүндө,
Кандайын көрөрсүң өмүрдө.
Атаңдан бөлүнсөң бөлүнгүн,
Элиңден, жериңден бөлүнбө.
Жаштыкта сүйүүгө эсирбе,
Көңдөйдө көйрөңдөй сезилбе.
Дүнүйөң мол болсо, мол болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.
Басарсың тоолордон, түздөрдөн,
Бактылуу боло көр түз жолдон.
Атаңдын, энеңдин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо.
Сөз меники ордуңардан туруңар,
Карындаштар, теңтуш, курдаш тургула.
Мына-мына алдыбызда эки ашык,
Өмүрлүктүн канагаты эки жаш.
Кайырма:
Кел курбулар ырдайлы,
Шаңдуу добуш угулсун.
Бийлегиле күлгүлө,
Дайым таттуу тунук болсун турмушу ң.
Сөз меники күлбөгүлө курдаштар,
Экинчи ирет айтылуучу бир сөз бар.
Жаркыраган бак-таалайлуу болушсун,
Бул турмуштун аманаты эки жаш.
Сөз меники токтогула курдаштар,
Үчүнчү ирет айтылуу бир сөз бар.
Ынтымактуу узун өмүр жашасын,
Жыргал күндүн аманаты эки жаш.
Кайырма:
Сөзү : Нурпайыз Жаркынбаевдики
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Күттүм мен, жол карадым сен тараптан,
Төгүлгөн жаанда калып кечке күттүм.
Ошол жол мени жалгыз алып бараткан,
Бир мезгил тагдырыбыз экөөбүздүн.
Күтүүгө үмүт болуп жаралганмын,
Күйүттү ырга айланар тагдыр болдум.
Экөөбүз жаш шаңына бөлөмөкпүз,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду.
Бөлөк түшкөн,
Өмүрдө бөлөк түшкөн биздин жолду.
Сөзү : Исабек Исаковдуку
Обону : Атайбек Бөдөшовдуку
Эстечи жашыл өзөндү,
Кумдарга сиңген из кайда?
Бир баскан сулуу көчөңдө,
А силер кайда, биз кайда?
Кайдасыңар, карлыгачтар, курдаштар, кайдасыңар?
Чырпыктай кезден жетилип,
Чынарга боюн теңешкен.
Күлүгүн суудан кечирип,
Көрүнчү кайра белестен.
Кайдасыңар, карлыгачтар, курдаштар, кайдасыңар?
Үмүттөр күйгөн шам болуп,
Уядан учкан түнөктөр.
Максаттар аткан таң болуп,
Толкундан бүткөн жүрөктөр.
Кайдасыңар, карлыгачтар, курдаштар?
Кайдасыңар, кайдасыңар, кайдасыңар?
Алоолонуп күйүп турсам,
Күйбөдүм деп кантип айтам?
Кантип мен танам?
Акылы жок сүйүп турсам,
Сүйбөдүм деп кантип айтам?
Кантип мен танам?
Сүйбөй коюу, сүйбөй коюу,
Сүйбөй коюу мага сени мүмкүн эмес.
Таңым болуп атып турган,
Тазалыгың кантип танам?
Кантип мен танам?
Таң Чолпондой жанып турган,
Сулуулугуң кантип танам?
Кантип мен танам?
Жүрөккө сүйүү из алса,
Сен болдуң аны ырбаткан.
Кара көз койбой тынчыма,
Алгачкы эле сага ыр жазгам.
Көрбөсөм көңүл чыдабай,
Көп карап үйүң мен өткөм.
Артылып колум мойнуңа,
Алгачкы эле жолу сени өпкөм.
Жолуккан жерден жоодурап,
Карегиң мени арбаган.
Кара көз кадыр билерде,
Тун сүйүүмдү сага арнагам.
Тоо гүлүндөй жайнайсың,
Толуп турган айдайсың.
Алтын көкүл сулуу кыз,
Көңүлүмдү байлайсың.
Эй, тоо гүлү,
Ой, тоо гүлү.
Куса, ойго батамын,
Жүрөк сырын катамын.
Минип келип аргымак, селки,
Алып сени качамын.
Гүлгүн жаштык гүлдөйсүң,
Күлүп турган күндөйсүң.
Жүрөк сен үчүн, бийкеч,
Арналганын билбейсиң.
Таңдан кечке, кечтен таңга чейин,
Эңсөө менен элесиң издейм.
Сен ким элең?
Куса боло, көңүлдөн дегдейм,
Кумарлана жомоктон издейм.
Сен ким элең?
Неге мынча күч келди билбейм
Маңдайыма жазган сыр го дейм.
Сен ким элең?
Жылмайган таң белең,
Башкача жан белең.
Ай айланат жай,
Зар болом сага,
Айдын кулундай келемин кайра.
Ай айланат жай,
Зар болом сага,
Айдын нурундай жабылчы мага.
Тун сезимде, ак сүйүүң менен,
Келчү жандай сезилесиң сен.
Сен ким элең?
Сезим билер назик үн менен,
Жан эргитер асыл кыз белең.
Сен ким элең?
Жылмайган таң белең,
Башкача жан белең.
Күндөй жаркып, гүл жыттанган артыгым,
Күнгө койгун теңдеши жок алтыным.
Бапестеген нур заманаң барында,
Бака- таалайдын батпас кутун калтырдың
Алдей, алдей менин жаркыным,
Таалайыман бир жаралган жыргалым.
Талпынагой, жадырайгой ырдагын,
Эч бир жанга теңебеймин сени мен,
Элжиреткен жүрөгүмдүн кылдарын.
Алдей, алдей менин артыгым,
Балбылдаган гүлү сенсиң көңүлдүн.
Бажырайган гүлү сенсиң өмүрдүн,
Ала-Тоодой кызмат кылып жериңе,
Адам болуп алкышын ал элиңдин.
Алдей, алдей менин алтыным.
Сөзү : Турар Кожомбердиевдики
Обону : Марат Акматовдуку
Кайгыны ойго илбейли,
Карылык эмне билбейли.
Канакей, жаштар, эмесе, ай,
Калкылдап эркин бийлейли.
Кайырма:
Кылчактап улам күймөнүп,
Кызарба, курбум, сүрдөнүп.
Кел, кошул, биздин катарга,
Кетесиң кийин үйрөнүп.
Күүлөрүн төгүп жиберип,
Музыка алат имерип.
Коомайлап белден кармаса,
Колдору болот билерик.
Кайырма:
Жүрөктү жүрөк тандасын,
Сүйгөнүн сүйгөн жандасын.
Байкалбай кай бир уяңдар,
Бийлебей четте калбасын.
Бир-бирин сүйкүм карашып,
Буттарга буттар жанашып.
Кыз-жигит бирге бийлесе,
Карачы кандай жарашып.
Кайырма:
Жаштыктын ыры - махабат,
Жаштарга нурун таратат.
Жаш кезде ойноп, гүлдөгүн,
Жаштык кез өтүп баратат.
Сөзү : Атай Огонбаевдики
Обону : Атай Огонбаевдики
Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо деген бийик бел,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз, ай,
Кадырды билсең өзүң кел.
Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Ак жоолук салып түрдөнүп.
Айылыңды таап жете албай,
А мен жүрөм,
Адашкан тайлак өңдөнүп.
|