|
Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Кубанычбек Осмоновдуку
Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо, кымбатым, уюгум.
Алып келип тамырыңан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.
Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың ак болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.
Канча түнү уйку көрбөй терметтиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип азыр алыс жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгеним.
Жанган сезим отун, үмүт шамын,
Арман, караңгы түн бүгүн басты.
Уга, угалбайм эми сенин үнүң,
Муздай сынып калды жүрөк сүйүүм.
Кайырма:
Сынган кылыч, аны кайра бүтөп,
Чаба албаймын эми, чаба албаймын.
Сынган сүйүү, аны кайра күтөт,
Сүйө албаймын, сени сүйө албаймын.
Тагдыр бизди бөлөк бөлөп салды,
Кайгы торуна чырмады, камады.
Унут эми мени, назик гүлүм,
Кургай сынып калды жүрөк сүйүү.
Ырдап койчу, добушуңду угайын,
Сен ырдасаң мен кубанып турайын.
Карай берип көздөрүңдү канганча,
Кулак талып кумарыңа тунайын.
Ырдап жатып бир көз кысып койбосоң,
Кантмек элем, кала берем муңайып.
Ырыңды уккан мүнөзүңдү көрөйүн,
Кыялданып аба жирей жөнөйүн.
Тааныша алсаң, түбөлүккө кол сунуп,
Таалайымдан тартуу кылып бөлөйүн.
Абалыма анча көңүл бөлбөсөң,
Амал канча, тагдырыма көнөйүн.
Мына, курбум, бүгүн сүйлөп, ырдап кой,
Көңүл эргип толкундасын, жыргап кой.
Кабарыңа ашык болгон селкиге,
Күчүң жетсе, кашың серпип ымдап кой,
Жашоо үмүт, кубанычта өтсүнчү
Жалын менен жүрөгүмдү сырдап кой.
Сөзү : Биримкул Курманкуловдуку
Обону : Үсөн Сыдыковдуку
Кыялдын чертип кылдарын,
Кыйнайсың неге, жыргалым.
Отурсам-турсам тынчытпай санаа,
Оюма түшөт мурдагың.
Жабыгып жапа чекпейин,
Жанар тоо болуп кетпейин.
Аясаң ая тезирээк мени,
Алоолоп барып өчпөйүн.
Аралап жаштык бульварын,
Айтышып сүйүү ырларын.
Жүрөктү арнап, жүрөккө дайым,
Жүрөлү келчи жыргалым
Гүлдү көрүп, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Аңкыган жыт ошол мага туу болуп,
Жүрөккө дем, өмүргө ынак гүл болуп.
Доорун сүрүп, элин мактап жактырар,
Доско кайрат, душман, кастар уул болуп.
Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр, чиркин, өйдө көздөй акпаса.
Гүлдү көрүп, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды чыйырларда менин издерим.
Көзүм түшүп, көңүл дегдеп өмүрдө,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.
Сөзү : Молдогазы Токомбаевдики
Обону : Жумамүдүн Шералиевдики
Санаалуу көңүл ачылып,
Саргарган кайгы басылып.
Жүрөк бир балкып, жүз жарып,
Кызыл туу бийик асылып.
Айкалышып жыргалга,
Алга карай талпынып,
Жарк эткен Жаңы жылда,
Барбы эсиңде, Жибекчач?
Жүрөктүн назик тамыры,
Сүйүүнүн ысык жалына.
Көңүлдө гүлдөй бүр байлап,
Жаштарга гана тийип жарыгы.
Кызга жигит теңтуш деп,
Кыя тиктеп бардыгы,
Даңкын сүрөп чыгарган да,
Элиң сендик, Жибекчач.
Сен мени узатып бара жаттың,
Ачпачудай эч бир сырды кайра жутуп.
Күтөмүн сени мен,
Күттүрбөй келчи сен.
Ар жыл күтүп жолдоруңду,
Сагындым сени мен.
Биз жүргөн айлуу түндөр артта калды,
Биз үзгөн жыпар гүлдөр жатка калды.
Күтөмүн сени мен,
Күттүрбөй келчи сен.
Ар жыл күтүп жолдоруңду
Сагындым сени мен.
Сөзү : Төлөн Шамшиевдики
Обону : Калыйбек Тагаевдики
Тососуң жолумду,
Кармайсың колумду,
Жактыра бербеймин,
Жайдарым мунуңду.
Алмалуу бак менен,
Аралап келем мен.
Аптыгып чыгасың,
Алдымдан дагы сен.
Жайдарым,
Ардагым,
Күйүгөсүң, алды жактан жолугуп,
Сөз айтасың, теңтуш курбу бололук.
Бир жигит жылмаят,
Уялам жер карап.
Көнүшүп басканда,
Көчөнү шаң кылат.
Эки жаш чоң кубат,
Курбулар чогулат.
Жүрөктөр кубанат,
Шаттык ыр уланат.
Жаштык ыр,
Шаттык ыр,
Көңүлдү кандай сонун жыргатат,
Топ жаштар жыргал менен баратат.
Сөзү : Чубак Сатаевдики
Обону : Чубак Сатаевдики
Биз таанышып жазгы күндө,
Бирге жүрдүк жамгырлуу түндө.
Жаш баладай жаздын күнү,
Күбө болгон сүйүүмө.
Кайырма:
Бүгүн дагы жаз жамгыры,
Тереземди черткилейт.
Үмүт менен күтөм сени,
Жазгы сүйүүм келет деп.
Коштошкон күн али эсимде,
Жамгыр төккөн себелеп.
Жамгыр менен кошо ыйладым,
Жазда күткүн келет деп.
Кайырма:
Бүгүн дагы жаз жамгыры,
Тереземди черткилейт.
Үмүт менен күтөм сени,
Жазгы сүйүүм сени эстеп.
Жалгыздыктын сапарында көрдүм сени
Жамалымдан сылап турду жаздын деми
Ошондогу уялыңкы ак жүзүңдү,
Эмнегедир бүгүн менин көргүм келди.
Кайырма:
Сагындым го кайра сени,
Сагынарсың сен да мени,
Ал анткени ортобузда махабат бар.
Сагындым го жаным сени,
Сагынарсың сен да мени,
Ал анткени ортобузда махабат бар.
Сагынычтын сапарында көрдүм сени,
Саамайыңдан сылап турду сүйүү деми.
Сагынычка толгон мөлтүр көздөрүңдөн
Эмнегедир кайра-кайра өпкүм келди.
Кайырма:
Махабаттын адам жеткис бийлигине
Бүгүн сен да мага окшоп багындыңбы?
Кайырма:
Көрдүм мен жоогазымды жакын жерден,
Сулуусун, ай, табигаттым бүтүн берген.
Термелип жатыптыр ал барып калсам,
Селкинчек жасап алып салкын желден.
Ийилип ал саламын бергенсиди,
Чийилип жүрөгүмдө жүргөнсүдү.
Буркурап жыпар жытын желге кошуп,
Мени карай узады, күлгөсүдү.
Жоогазым, жоогазым, мен сени кармагым келди,
Кубанып, кубанып мен сага ырдагым келди.
Чоочулап, чоочулап шашылыш тосуп да кетти,
Өткөрбөй акырын соккон желди.
Мүмкүн ал соккон желди жакшы көрөр,
Бирге ойноп, бирге күлүп ал көгөрөр.
Анда мен не турамын ортосунда?
Менсиз да бул жашоодо көп тоскоолдор.
Бирок мен кантип кетем үн катпастан,
Сыр сактап жүрөгүмдө бир кусалыктан.
Айтчы сен жоогазынын, мени кара,
Астыңдан агайынбы болуп дайра.
Кайырма:
|