|
Сахна, сахна, жүрөк ыр деп согорун,
Ырсыз жашоо кандай кыйын болорун.
Ырдаганда, ыйлаганда билсин деп,
Ырдан бүткөн кучагыңа ородуң.
Кайырма:
Сахна, сахна, асыл ырдын жомогу,
Алгач менин сен деп чыккан обонум.
Ал кездеги кичинекей кара кыз,
Асел, Асел деген аймончогуң боломун.
Сахна, сахна, сага бердим кечимди,
Сактап жүргөн сагынычтуу сезимди.
Сага деген саламымды, санаамды,
Сага деген саргая элек кезимди.
Кайырма:
Жакшы ырлар көтөрөт дейт көңүлдү,
Жакшылыктар ээлей берсин төрүңдү.
Силер келип коштоп, колдоп турсаңар,
Мен ыр менен узартайын өмүрдү.
Кайырма:
Алыстап жүргөнүңдө менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жазылып маңдайына, таалайына,
Табылдың кандай жандын бактысына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Сөзү : Г.Шакированыкы
Обону : А.Темировдуку
Жаным апа, балдарыңа байлап үмүтүң,
Тынчың кетип ойлоп күнү-түн.
Жаштыгыңдан улам алыстап,
Апа, кандай жүрөсүң?
Кайырма:
Жарыгым менин, шоола чачкан өмүрдөй,
Аппак болду, чачың көмүрдөй.
Апакем асылым,
Апакем, менин бырыш баскан беттериң.
Акыл-насаат айткан кептериң,
Дайыма эстедим.
Жаным апам, карылыкка улам алдырып,
Бир жанымды эки жан кылып.
Тилегиңди түнгө шам кылып,
Күтүнөсүң шаң куруп,
Кайырма:
Жаным апа, картайбачы,
Картайбачы, жаным апа.
Гүлү, гүлү, гүлүм, ай,
Сени, сени сүйдүм, ай.
Гүлү, гүлү, күлмүңдөгөн,
Гүлүм, ай.
Келчи, гүлүм, мага,
Келчи жөн гана.
Келчи, сүйүүм, мага,
Келчи жөн гана.
Кадимкидей бар элесте,
Эмес белек кечээ наристе.
Кубалашып ойноп жүрчү элек,
Карагаттуу жашыл белесте.
Ооба, анын баары эсимде,
Куурчагымды бөлөп бешикке.
Жоокер күтүп үйдө калчу элем,
Жетсе экен деп алар жеңишке.
Эх, балалык, биздин балалык,
Сени издеп кайра табалык.
Макул десе мезгил да, өмүр,
Бир күнүңдү кайрып алалык.
Бүгүн майрам, бүгүн той,
Замандаштар, бизде той.
Көңүл ачкын, көп ойлонбой,
Күлгүн жашты кордобой.
Сөзү : А.Осмоновдуку
Обону : А.Темировдуку
Өмүр кең, соолор гүлдөр, өчөр-жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар.
Эмесе бул дүйнөгө туулуу менен,
Кайрадан ар адамдын өлмөйү бар.
Өлүм - ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок бизди коркута алар.
Себеби биз өлгөндө орун басар,
Бизден соо, бизден жакшы, акылдуулар.
Ах, чиркин, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкибиз ырахаттуу.
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап кандай шаттуу, кандай сулуу!
Оо, дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкиси ырахаттуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Карачы кандай гана аянычтуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Байкачы кандай гана аянычтуу!
Аттиң, ай, кандай гана аянычтуу!
Сөзү : А.Атабаевдики
Обону : А.Атабаевдики
Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең?
Болбосо андан учкан бубак белең?
Кайрылбай кайда кеттиң, айтчы деги?
Адашып айлыңды мен сурап келем.
Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең?
Болбосо боз туйгундун шамы белең?
Бир жолу кайрылбастай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?
Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең?
Болбосо жүрөгүмдүн тең белең.
Кош эми, өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.
Тарынбачы жүрөгүмдүн төрүндөсүң.
Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Карегиңде барбы жалының?
Жан эргитип жумшак күлгөнүң,
Жарыгыбы аткан таңымдын?
Булбулсуңбу куштар багында?
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин,
Күттүм элем, гүлүм, сагына.
Кылгырасың неге мынчалык,
Кирпигиңден сырдуу нур тамып?
Жаз гүлү болсоң, жыпарыңды чач,
Жадырасын жаным тынч алып...
Сөзү : Имамберди Жалиловдуку
Обону : Абдыманап Төрөбековдуку
Ошол күнү кош айтыштык унчукпай,
Алыстадың карааныңды көрсөтпөй.
Толкуп-ташып кала бердим ага албай,
Из калтырып, соолуп калган өзөндөй.
Көрбөй калсам сагынам деп жазганың,
Жалган беле сүйөм деген каттарың?
Бүт өмүрдү ойрон кылып кеттиң го,
Көлгө айланды көздөн аккан жаштарым.
Өмүрүмдүн сенсиз аккан дайрасы,
Элестетет соолуп калган булакты.
Ойлобопмун муң-зар менен күтөм деп,
Эстен кеткис жаштык-жалын куракты.
Жан дүйнөмдү козгоп жүргөн сөздөрүң,
Билбептирмин баары жалган экенин.
Кайгы-муңду тартуу кылып өзүмө,
Билбей калдым кимди ээрчип кеткениң.
Кыргыздын узак жолун чапкан тилим,
Кыйла оор кылымдарды баскан тилим.
Ала-Тоо болсун тирек, жөлөгүң деп,
Теңирим ыроологон аскар тилим.
Айкөл Манас бабабызды тапкан тилим,
Каадасын, үрп-адатын сактап дилим.
Калкалап, калкан болдуң өлкөбүзгө,
Сакталып көкүрөктө кыргыз тилим.
Эненин сүтү менен келет тилим,
Элине эне тилден берип билим.
Комузуң коштоп жүрсүн түбөлүккө,
Кош колдоп батаңды бер, улуу тилим.
Кош колдоп батаңды бер, кыргыз тилим!
Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым,
Буулуктум билбеген соң кайтар жагым.
Ак куулар учуп өтсө карай берем,
А балким, айтабы деп кабарыңды.
Ак гүлдөр, аппак гүлдөр, ай- күндөр,
Адашкан жамгыр көрдүм, айта албадым.
Сагынып санаа дагы, баягы ырды,
Сай бойлоп тоскум келди шамалыңды.
Күн сайын сен тарапты тиктей берем,
Күтүүнүн чөлүндө өттү канча арманым?
Көк гүлдөр, көпкөк гүлдөр, көркөм гүлдөр,
Көрүүгө зар кылдың го карааныңды.
Билбеймин качан кетем, качан келдим?
Бир бурчун таба албадым батар жердин.
Биз эми бул жалгандан кездешпейбиз,
Бир гана сен деп өңдөн азар менмин.
Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм,
Сен мага азап болдуң, жашай бергин,
Сен мага арман болдуң, жашай бергин.
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Кыргыз элим байыртан,
Кылымдарды карыткан.
Ак калпактуу элимди,
Колдоп жүрөт Жараткан.
Жылдыз сымал асманда,
Жанып турат жан элим.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Келечеги зор элим.
Кайырма:
Кылымдардан кылымга,
Кыргыз уулу сакталган.
Элим аман болсун деп,
Тилегеним Кудайдан.
Керек болсо жанымды,
Алгын мейли, Теңирим.
Бирок сакта тынчтыгын,
Бейпил кыргыз элимдин.
Суранарым тынчтыгын,
Сакта кыргыз элимдин.
Мейман келсе дасторкон,
Жайып турат бай элим.
Ак кымызын, ак нанын,
Сунуп турат жан элим.
Душман келсе майтарган,
Жигиттер бар кайтарган.
Бүркүт сымал асманда,
Мекен, элин сактаган.
Ата-бабам Бакайдан,
Кыргыз уулу сакталган.
Кайырма:
Көз тийбесин элиме,
Көз тийбесин жериме.
Таазим кылып суранам,
Колдоп жүргүн, Жараткан.
Биздин мекен эзелтен,
Мейман, достун мекени.
Көз артышкан душмандын,
Агып түшсүн кареги.
Кайырма:
Сөзү : Ж. Сыдыковдуку
Обону : К. Урманбетовдуку
Калп эле мен өзүмдү алдай албайм,
Калп эле жазың болуп жайнай албайм.
Кайыр кош, арманымдын айыпкери,
Капаста торгой болуп сайрай албайм,
Капаста булбул болуп сайрай албайм!
Күтө албай күнүбүздү,
Күбүдүк гүлүбүздү.
Соңку жолу ырдайм сага,
Соолуган сүйүүбүздү.
Толкунду тоскум келип шарпылдатпай,
Тордолгон тар дүйнөңө калдым батпай.
Энчилеп жалгыздыкты жолго чыктым,
Элим бар күтүп алар жалгыздатпай,
Элим бар тосуп алар жалгыздатпай.
Эми сен созбо колуң,
Эскини козгобогун.
Жеңилип турмушумдан,
Жетишет коздогонуң, боздогонум.
Бир келген жаштыгыма тагдырлашмын,
Кирдеген жан дүйнөңө кайрылбасмын.
Дүйнөнүн жыргалынан айрылсам да,
Мен сүйгөн ырларымдан айрылбасмын.
Билгизип маанайымды,
Бир тилек каалайынбы?
Таарынбай тагдырыңа,
Тапкын өз таалайыңды.
Көңүлүм кыйылды,
Көз жашым тыйылды.
Турмуштан өтөмүн мен,
Туу кылып ырымды.
Ак деген сөздүн мааниси,
Адеп, ахлак шааниси.
Ак – бул чындык, тазалык,
Ак түстө болбойт каталык.
Ак жол менен басалык,
Алга карай шашалык.
Ак жүздөргө эзели,
Артылбасын капалык.
Ак калпактуу атабыз,
Ак элечек апабыз.
Ак тилегин айтышса,
Ала–Тоодой жасанып.
Алга жылсын ишибиз,
Асыл эмгек жасалып.
Апалардын колунан,
Ар дайым ак таталык.
Ак жол каалайт балдарга,
Алыска сапар алганда.
Ак часса жылан чегинет,
Акмалап барып калганда.
Азгырыкка алданба,
Ар дайым кел жардамга.
Артка карай кылчайбай,
Ак иш жаса жалганда.
Ак булактан суу чыгат,
Ак булуттан буу чыгат.
Ай тиет түн киргенде,
Асман ачык, күн чыгат.
Ачык маанай алпейим,
Адамдардан нур чыгат.
Андайларга тартынбай,
Ак пейилден кымыз ак.
Ак баласын апалар,
Ак бешикке салышат.
Алтымыш тамыр ийитип,
Алдейлешип багышат.
Ак торпокту макташат,
Ак тайлакты макташат.
Ак күмүштү ырымдап,
Асемдешип сакташат.
Ак жүрөктүү эрендер,
Ак ниеттүү кенендер.
Акыл төгөт акындар,
Ак таңдайлуу чеберлер.
Асыл кенге толсун жер,
Амандыкта болсун эл.
Ак баатыры коргосун,
Аска-зоодой кеменгер.
Алдей, бөбөк теминсин,
Ата–энеге берилсин.
Алкап сактап пендесин,
Ак асманым керилсин.
Ак буудайы себилсин,
Ата Журтуң семирсин.
Ак сакалдын батасы,
Ак дилинен берилсин.
Ак тилектен абалтадан,
Ата-бабам жоону чапкан.
Айкөл деми бизге жетти,
Дарыядай тынбай аккан.
Кайырма:
Кагылайын Ата Журттан,
Кыялдарым бийик учкан.
Баарыбызды боорго кыскан,
Кыргызстан, Кыргызстан.
Кошой, Бакай акылманым,
Калк коргогон баатырларым.
Санжыралуу кыргыз эли,
Тартуулаган Кыргызстаным.
Кайырма:
Чыңгызыбыз көктө жылдыз,
Жарык болуп элде турмуш.
Бардык улут биримдигин,
Бийик сакта, улуу Кыргыз.
Кайырма:
Алгачкы кадамды,
Арыштап басканмын.
Алиппе жол баштап,
Адырды ашканмын.
Кайырма:
Балапан кезден амандашып,
Балалык кезден, замандашым.
Туурга консок да,
Ар тарап болсок да,
Оюмда жан курдашым.
Турмуштун жакшына,
Энчиси өзүңсүң,
Ардагым классташым.
Келсеңчи айланып,
Ал кезим жанданып.
Алкайын баарыңды,
Азыр бир шаңданып.
Кайырма:
Эстейм күн кур эмес,
Эсимде кулк-мүнөз.
Жүрөктүн төрүндө,
Классташ, ошол кез.
Кайырма:
Кайырма:
Дем бересиң жүрөгүмө жалын чачып,
Ишенбесең жүрөгүмдү көрчү ачып.
Нарын суудай күрпүлдөп бууракандайт,
Аппак сүйүүм сага деген куса тартып.
Ырахмат сени сүйгөн тагдырыма,
Ансайын сүйө берем, мээрим чачып.
Сездиң бекен мен сени сүйгөнүмдү,
Сени ойлоп кусаланып жүргөнүмдү.
Сени дегдеп турсам дагы билдире албай,
Сен деген сегиз болгон күндөрүмдү.
Убайга түшүп алып таң атырган,
Уйкусуз өткөн далай түндөрүмдү.
Кайырма:
Вдоль по улице метелица метёт,
За метелицей мой миленький идёт.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
На твою ли на приятну красоту,
На твоё лишь толь на белое лицо.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
Красота твоя с ума меня свела,
Иссушила добра молодца, меня.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
Ты постой, постой, красавица моя,
Дай мне наглядеться, радость, на тебя.
Сөзү : А.Исаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм.
Бекемине күмөн санап жаңылган,
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кайырма:
Кимге айтып күйүтүмдү?
Кимге барып өтүнөм?
Кимге барып күнү–түнү?
Кимге айтып күйүтүмдү?
Кимге барып күнү–түнү?
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыганча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм кайрылганда айт чынын,
Артык бекен башка жердин көркөмү?
Арбалсаң да бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Эстегенде сермелерсиң,
Арбалсаң да бир келерсиң,
Эстегенде сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо.
Өкүнгөнүң көңүлүмдө элестейт,
Көргөн сайын жалын бүрккөн жанар тоо.
Жалын бүрккөн үшкүрүгүң,
Жалын бүрккөн үшкүрүгүм,
Жаңырыгы жарар зоо.
Жаз жамгыры жаайт экилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Тереземди улам черткилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөчө.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.
Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
Жамгыр мага күүсүн энчилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Бул заманда сүйүүм кечигет
Тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка батынамын,
Дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсөң, угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.
Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
|