Бишкекте жол талашып айдоочу кызды сөккөн жаран кармалды (видео)
Бишкекте башка унаага тоскоолдук жаратып, анын айдоочусун сөгүп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесине аталган окуянын видеосу тараган.
Маалым болгондой, окуянын негизинде жол тескөөчүлөр 1996-жылы туулган, Фольксваген Гольф–3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Р.Н. аттуу жаранды аныкташты. Ага карата Октябрь райондук милициясы Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык кылмыш ишин козгоп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кармалган жаран кызды сөккөндүгүн моюндап, айдоочунун аял киши экенин билбей калганын белгиледи.
Бишкекте жол чырында айдоочу кызды сөгүп кеткен жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















