Ошто акча опузалады деп "жалган" милиция кызматкери кармалды (видео)
Ош шаарында "жалган" милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.Маалым болгондой, 9-мартта саат 03:00 часамында шектүү өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, “Семетей” кинотеатрынан жабырлануучуну карындашына тийишти деген жүйө менен коркутууга алган. Алгач 10 500 сом жана паспортун алып, кийинчерээк ал телефон аркылуу байланышып, дагы 5 000 сом талап кылган.
Жабырлануучу арыз менен милицияга кайрылып, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 12-мартта жабырлануучудан опузалап акча каражатын жана уюлдук телефонун тартып алып жаткан учурда 2001-жылы Өзгөн районунда туулган Ж.уулу Ж. аттуу жаран кармалды.
Шектүүнүн милиция кызматына эч кандай тиешеси жок экени белгилүү болду. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.
Ошто акча опузалаган "жалган" милиция кызматкери кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















