Убадага турбаган... Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Ошто алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.Маалыматка ылайык, ал былтыр 23-декабрда ак түстөгү BMW J30 үлгүсүндөгү унааны 31 700 долларга баалап, ээсине акчаны 1 аптада төлөп берерин убада кылып, айдап кеткен. Бирок, унааны алып кеткенден кийин аны башка жаранга сатып жиберип, түшкөн каражатты жеке кызыкчылыктарына жумшап жиберген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Ош шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















