Ошто жарандардын мүлктөрүн өз пайдасына өткөрүп алган деп күрөөкана ээлери кармалышты
Ош шаарында жарандардын мүлктөрүн өз пайдасына өткөрүп алган деп күрөөкана ээлери кармалышты. Бул тууралуу 18-мартта шаар милициясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, күрөөкана ээлери узак убакыт бою жарандарга ири кошумча пайыз менен акча каражатын берип, бирок ар кандай мыйзамсыз жолдор менен жарандардын үй-мүлктөрүнө ээ болуп келишкен.
Бул факт боюнча шектүүлөргө кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Б.О. жана К.К. аттуу жарандар кармалышты. Шаардык соттун чечими менен К.К. 2 ай мөөнөткө камакка алынып, ал эми Б.О. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















