super.kg logo

Чүйдөгү дачада эркек кишинин сөөгү табылып, шектүү кармалды

 
Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектүү 38 жаштагы жаран Д.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы 23-мартта билдирди.
Милицияга 22-мартта "Южная" дачасынын аймагында белгисиз адамдын жерге көмүлгөн денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган даректен эркек кишинин сөөгү табылып, маркумдун аты-жөнү аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө белгилүү болгондой, шектүү 19-мартта үч белгисиз жаран менен таанышкан. Алар менен бирге баңгизаттарды колдонгондон кийин ортолорунда чыр чыгып, мушташка айланган. Окуя учурунда эки жаран качып кеткен, ал эми шектүү 33 жаштагы маркумду кармап калып сабаган. Андан кийин аны дачасына алып барып, ал жерде дагы уруп-сабоону уланткан.
Натыйжада жабырлануучу каза болуп, шектүү анын сөөгүн дачанын аймагына көмүп, кийимдерин жана жеке буюмдарын ар кайсы жерлерге таштап салган. Ошондой эле шектүү 2014-жылдан бери психиатр дарыгердин каттоосунда турары аныкталган.
Тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: