Мекендештерин алдоого шектелип индиялык студент кармалды
Ош шаарында ири суммадагы акча каражатын алдап алууга шектелип 24 жаштагы индиялык студент кармалды. Бул тууралуу 23-мартта калаа милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, шектүү Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Ал өзүнүн мекендештеринен ири суммадагы рупий (ред.: Индия валютасы) алып, аны долларга алмаштырып берүүнү убада кылган.
Учурда шектүүгө карата анын 9 мекендешинен арыз түшкөн. Алардын айтымында, алдап алынган каражаттын минималдуу суммасы 35 миң сомду (улуттук валютага которгондо), ал эми максималдуу суммасы 243 миң сомду түзгөн. Жалпысынан жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомдон ашкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















