Баткенде 3,5 миллион сомдук дары-дармек аткезчилиги аныкталды
Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагында кошуна өлкөдөн башка өлкөгө мыйзамсыз ташууга даярдалып жаткан ири көлөмдөгү дары-дармектер аныкталып, алынды. Бул тууралуу облустук млициядан билдиришти.
Маалым болгондой, нистатин, цефтриаксон, цефекон-Д, азитромицин, ампицилин жана психотроптук кошулмасы бар 247 даана дары каражаттары кармалган. Алардын жалпы базар баасы 3 миллион 477 миң 92 сомду түзөт.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 47 жаштагы кыргызстандык жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда психотроптук кошулмасы бар дары каражаттарына соттук-химиялык экспертиза дайындалып, кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо багытында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















