super.kg logo

Жалал-Абадда 27 жаран экстремисттик идеядан баш тартты

 

Жалал-Абад облусунда экстремизмге каршы жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чараларынын алкагында “Якын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) 27 мүчөсү өз ыктыяры менен радикалдуу көз караштарынан баш тартышты. Бул тууралуу 26-мартта УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында алар мурдагы ишенимдеринин туура эмес жана зыяндуу экенин моюнга алышып, өлкөнүн мыйзамдарын сактоого даяр экендиктерин билдиришкен. Ошондой эле жарандарды аталган уюмдун мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого үндөштү.

Учурда УКМК экстремисттик агымдарга жаңы адамдардын тартылышын алдын алуу максатында профилактикалык чаралар көрүп жаткандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: