Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалганы айтылууда
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев камакка алынганын Кактус медиа укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ал кечээ, 25-мартта ИИМге "Кыргызнефтегаз" иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Сурактан кийин Тургунбаев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча азырынча ИИМ расмий маалымат бере элек.
Айта кетсек, Тургунбаев 18-мартта өз каалоосу менен кызматтан кеткени белгилүү болгон. Анын ордуна Алмаз Бакетаев дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















