Ошто 4 жарандын үйү тинтүүгө алынды (видео)
Ош шаарында жана Кара-Суу районунда экстремисттик аракеттерге шектелгендердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Оштун Кара-Суу районунун 32 жана 45 жаштагы тургундарынын үйлөрүнөн 3 телефон, 19 даана DVD диск, 16 даана китепчелер табылган. Ал эми Ош шаарынын 25 жана 34 жаштагы тургундарынын жашаган жерлеринен 7 телефон, 3 ноутбук, 3 бычак, 1 кастет, 14 китепчелер алынган.
Аталган шектүү жарандар милицияга жеткирилишип, алынган далил буюмдарга тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Ошто 4 жарандын үйлөрү тинтүүгө алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















