Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам каза болду
Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, каргаша 27-мартта Ананьево жана Семёновка айылдарынын ортосунда болгон. Кырсыкка жалпы 11 адам кабылган.
Ооруканага жаткырылган үч адамдын экөө жандандыруу бөлүмүндө, бири ИВЛ аппаратына туташтырылган, абалы өтө оор деп бааланып жатат. 2 жаштагы наристе Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулган. Ал эми эки адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















