super.kg logo

Чуңкурчак эс алуу жайында түлкү атылган окуя боюнча текшерүү башталды (видео)

 

Чүй облусунда жапайы жаныбарга ок чыгаруу фактысы боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, 31-мартта Фейсбук социалдык тармагында белгисиз адамдардын тоо жакта унаанын жарыгы менен жапайы жаныбарларды көздөй ок чыгарып жаткан видеосу жарыяланган. Бул фактынын негизинде маалымат Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Натыйжада окуяга тиешеси бар 2001-жылы туулган Т.Ж., К.Э. жана 2003-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар аныкталды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар 26-мартта Чуңкурчак эс алуу жайына барып, шишкебек даярдап эс алып жатышкан. Ошол учурда аларга жапайы түлкү жакындап келип, алардын тамак-ашын жей баштаган. Андан кийин алардын бири пневматикалык куралдан түлкүнү көздөй ок чыгарган. Бул окуяны өздөрү тартып, интернет желесине жарялаган.

Ошондой эле пневматикалык курал алардын таанышына таандык экени, ал эми алар аны эс алуу учурунда бөтөлкөлөрдү атуу үчүн алып чыгышканы аныкталды.

Бул факт боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.






Чуңкурчак эс алуу жайында түлкү атылган окуя боюнча текшерүү башталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: