Бишкекте түндө жол кырсыгынан 25 жаштагы жаран каза болду
Бишкекте 3-апрель түнү жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Нурсултан Муратбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык саат 02:20 чамасында Токомбаев көчөсүндө болгон.
Анда Lexus 460 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү жерге келип токтогон Honda Fit унаасын, андан соң жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Андан кийин жол жээгинде токтоп турган эки унааны сүзүп токтогон.
Кырсыктан 25 жаштагы жөө жүргүнчү окуя болгон жерден каза болгон.
Учурда бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки текшерүү иштери башталды. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Видео: Эртай Искаков
Бишкекте түндө жол кырсыкта 25 жаштагы жигит мүрт кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















