Чүйдө 71 жаштагы таанышын сабоого шектелген жаран кармалды
Аламүдүн районунда 71 жаштагы жаранды сабоого шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, окуя 28-мартта Байтик айылында болгон. Анда шектүү мас абалында таанышын себепсиз эле ур-токмокко алып, анын ден соолугуна залал келтирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















