Туризм фонду: 90 миллион сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда аныкталган 90 миллион сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-2024-жылдар аралыгында фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, өлкөдө туризмди өнүктүрүү тармагында жасалма жакшы көрүнүштү калыптандыруу максатында мамлекет үчүн пайдасыз болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүшкөн.
Бирок аталган кызматтар жана долбоорлор иш жүзүндө аткарылган эмес. Натыйжада, мамлекетке 90 миллион сомдон ашык өлчөмдө зыян келтирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















