super.kg logo

Өзгөн райондук сотунда мушташ чыгып, 2 жаран бычакталды

 

Өзгөн райондук сотунун имаратынын жанында 2 жаран бычакталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 22-апрелде болгон. Анда соттук отурумга катышууга келгендердин ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Натыйжада, 42 жана 36 жаштагы жарандар бычактан жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Ал эми бычактоого шектелген жаран милицияга жеткирилген. Жабырлануучуларга тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: