super.kg logo

Милиция Дубайда сойкулукка тартылган 14 жаштагы кыз боюнча маалымат берди

 

Ысык-Көл облустук милициясы Дубайда сойкулукка мажбурланган делген 14 жаштагы кыз тууралуу маалыматты тастыктады.

Маалыматка ылайык, бул иш былтыр октябрь айында белгилүү болгон. Тергөөдө Балыкчы шаарынын тургуну, 14 жаштагы кыз 2024-жылдын август айында өзүнүн 23 жаштагы аталаш тууган эжеси менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына барганы аныкталган. Ал жакта өспүрүмгө эжесинин шарт түзүүсү менен Б.М. аттуу жаран тарабынан бир нече жолу ыплас аракеттер жасалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) 2-бөлүгү (Балдарды пайдалануу менен жасалган кылмыш) менен кылмыш иши козголгон. 23 жаштагы кыз суракка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле анын аракеттеринде кылмыштын уланма мүнөзү бар экени аныкталган.

Мындан тышкары, Б.М. аттуу жаран тарабынан кылмышты жашыруу максатында жабырлануучуга телефон, ноутбук жана зер буюмдар белекке берилгени такталган. Ал жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши Ысык-Көл облустук прокуратурасына жиберилген. Прокуратура тарабынан айыптоо актысы бекитилип, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Дубайда жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланганын айтып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: