Чүйдө таанышын бычактап салды деп 30 жаштагы жаран кармалды
Чүй облусунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде облустук милиция билдирүү таратты.Милицияга Новониколаевка айылында бычактан жаракат алган киши Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Төмөнкү жагдайлар аныкталган:
- Жабырлануучу шектүүнүн үйүнө спирт ичимдиктерин алып барган;
- Аны ичип отурушкан учурда алардын ортосунда чыр чыккан;
- Шектүү ашкана бычагы менен жабырлануучуга зыян келтирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 30 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















