Ошто "жалган" милиция кызматкери кармалды
Ош шаарында өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде шаар милициясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, шектүү Орусиянын номеринде катталган ДЭУ Матиз жана Шкода Октавия үлгүсүндөгү унааларды кыргыз номерине өткөрүп берем деген шылтоо менен 2 жарандан жалпы 88 миң сом акча каражатын алган. Бирок убадасын аткарган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Анын милиция кызматына эч кандай тиешеси жок болгон. Азыркы учурда башка алдамчылык фактыларын аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















