Ошто кесиптеш кызга басым көрсөтүшкөн милиция кызматкерлерине чара көрүлдү
Ош шаарында милиция кызматкери болуп иштеген кыздын кайрылуусу боюнча бир нече кызматкерге тартиптик чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматкер кесиптештери тарабынан ыдык көргөнүн билдирип акыйкатчыга кайрылган.
"Жыйынтыгы менен Күзөт кызматынын Ош шаарындагы Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана дагы 7 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды. Өздүк курам менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тартип бузууларга, жүрүм-турум этикасына туура келбеген көрүнүштөргө жол бербөө боюнча алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү",- деп белгиленген маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:04
2026-06-14
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















