Бишкекте велосипед уурдоого шектүү кармалды
Бишкекте велосипед уурдоого шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу калаа милициясы 30-апрелде кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаар тургуну милицияга кайрылып, 3-апрелде 70 миң сомдук велосипеди уурдалганын айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү А.Ы. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы 18 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















