Москвада өрттөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар бар
28-апрелде Москва шаарынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан жаңы курулуштагы өрт кырсыгында каза болгондордун арасында 3 кыргызстандык бар. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалым болгондой, бул маселе министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Орусиянын тергөө кызматы өрттөн жалпы 8 жумушчу каза болгонун билдирип, 12 адам жабыркаганын, 31 адамды куткарып калууга жетишкенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















