super.kg logo

Айтматов милициясы 9 миллион сомдук эстеликтин акчасын толук бербей качкан шектүүнү кармады

 

Таласта ири суммадагы эстеликти жасатып, акчасын толук бере албай калган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылды. Ал өз арызында 2025-жылдын май айында Талас облусунун 1968-жылы туулган А. аттуу тургуну алдап кеткендигин билдирген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү 9 миллион сомдук эстелик жасатуу боюнча буюртма берип, алдын ала 3,6 миллион сом төлөгөн. Кийин аны ала албастыгын билдирип, 5,4 миллион сомду төлөбөй качып кеткендиги аныкталган.

Шектүү катары Айтматов районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: