Кадамжай: Селдин кесепетинен айрым жолдор убактылуу жабылды
Кадамжай районунда катталган селдин кесепетинен Кызыл-Булак – Ак-Кыя жана Кызыл-Булак – Тамаша унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу окуяга күбөлөр маалымдады.
Ошондой эле аймакта электр энергиясы үзгүлтүккө учураганы кабарланды.
Бул жол аркылуу Өзбекстандын Шахимардан анклавына да каттам жүргүзүлөт.
Тамаша айылына бараткан ички жолдор да селден жабыркаган.
Учурда тиешелүү кызматтар жеринде калыбына келтирүү жана тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















